Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

ЖАЛАЛАБАТ ОБЛУСУНДА ЭКИ ЭРКИН МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ ЧЫКПАЙ КАЛДЫ

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат Каражаты менен мыкты адистердин тартыштыгынан Жалалабат облусунда эркин маалымат каражаттары чыкпай калды. Элдин эркин сөзгө болгон муктаждыгын мамлекеттик маалымат каражаттары чамаларынын жетишинче толтурууда. Анткени менен өкмөттүк маалымат каражаттарында да проблемалар арбын.

Экономикалык оор абал Жалалабатта катталган 60тан ашык маалымат каражаттарынын үчтөн бир бөлүгүн маалымат айдыңынан сүрүп чыкты. Каражаттын тартыштыгынан коомчулукту эң маанилүү окуя-фактылар менен камсыз кылган «Фергана» гезити менен «Манас жаңырыгы» аттуу сыналгы жарык көрбөй калды. Аталган маалымат каражаттары Фергана өрөөнүнө үч тилде таркатылчу:

- Башкы редактордук кызматына ылайыктуу адам табылбай калды. Экинчи жагынан финансы маселеси болуш керек. Азыр тынчсызданып атам. Биринчиден “Фергана”, экинчиден “Манас жаңырыгы” деген эки эң алдыңкы массалык маалымат каражаттары жабылып калып отурат. Бул абдан чоң жоготуу. Бул маселе каралып туруп, кандайдыр бир деңгээлде чечилиши керек, - деди ал жөнүндө басылманын редакторунун орунбасары Абдымомун Мамараимов.

Облуста эркин маалымат каражаттарын колдоого коомдук аң-сезим жетиле элек. Ошондуктан көз каранды эмес сыналгылар эптеп табыла калган каражаттар менен жашайт. “Калктын эркин сөзгө болгон муктаждыгын учурда өкмөттүк маалымат каражаттары чамаларынын жетишинче толтурууда” - деген оюн облустук телерадиокомпаниянын төрагасы Ырысбек Зулумбеков ортого салды:

- Биз мамлекеттик телерадио компания болгонубуз менен эркин теле катары иштеп атабыз. Бизди муну бергиле, муну бербегиле деп такай артыбыздан көзөмөлдөгөн эч ким жок. Бүгүн алардын абалы өтө аянычтуу, себеби аларды мамлекет карабайт, каржылабайт. Ал эми өзүнүн күчү менен бутуна туруп гезит чыгарыш, же телевидениенин чыгышы бир топ татаалдап кетти. Себеби каражат жок, жарды. Алар элдин көзүн карап, ким тыйын берсе ошонун сөзүн сүйлөп, саясаттан өздөрү эле четте калып атышат. Алар коомдун деңгээли көтөрүлмөйүнчө кыйнала берет.

Облустук бийликтин гезити болгон «Акыйкат» жана район-шаардык гезиттердин акчасын почта кызматы толук төлөбөйт. Райондук гезиттер 1-2 айда бир жарык көрөт. Түстүү болуп, республиканын борборуна да таркатыла баштаган газета мыкты журналисттерге муктаж. Басылманын алдында мамлекеттик каржылоодон чыгуу милдети турат:

- Облустук деңгелдеги журналисттер башка гезиттерге тең тайлашып, атаандаштык менен кете турган, биздин ички кухнябызда ушул көйгөйүбүз бар. Облустагы күчтүү журналисттердин баары тартылып кеткен, - дейт гезиттин редактору Самаган Орозалиев.

Анткени менен облустун маалымат каражаттарынын көйгөйлөрү арбын. Нускалары аз. Зарыл маалда керектүү маалыматты алуу кыйынчылыгы дагеле бар. Мындай пикирди маалымат каражаттарын изилдеп жүргөн Жалил Сапаров билдирди:

-Августун башынан бери эки эркин маалымат каржатынын бири эфирге чыкпай, бири жарык көрбөй калды. Ошонун кесепетинен биздин коомго, окурмандарга, көрөмандарга коомдук маанилүү жаңылыктарды таркатуучу коомдук, эркин маалымат каражаттары болбой калды. Бир аз укук бузуулар, профессионалдык жактан тоскоолдук кылуулар азайып калды, бирок дагы деле бар. Бул жагынан менимче журналисттердин, жетекчилердин, коомдук уюмдардын, ММК багытында иштеген эл аралык уюмдардын жасай турган иштери али да болсо алдыда.
XS
SM
MD
LG