Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

АЗЕРБАЙЖАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


Азербайжанда оппозиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала эсептөөгө ылайык, бийликтеги “Йени Азербайжандын” алдыда келаткандыгын билдирүүдө. Шайлоо бекеттеринин дээрлик 30 пайызындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында, Милли Межлистеги 125 орундун 58ин “Йени Азербайжандын” талапкерлери жеңип алды.

Негизги оппозициячыл "Азадлик" биримдиги жекшембидеги добуш берүү одоно эреже бузуулар менен өттү деп жарыялады. Расмий жыйынтык чыга элек, Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала эсептөөгө ылайык, бийликтеги “Йени Азербайжандын” алдыда келаткандыгын билдирүүдө. Шайлоо бекеттеринин дээрлик 30 пайызындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында, Милли Межлистеги 125 орундун 58ин “Йени Азербайжандын” талапкерлери жеңип алды. Көз карандысыз талапкерлер 30 мандатка, ал эми "Азадлик" болгону беш мандатка ээ болууда.

Азадликтин башчысы Али Керимли кабарчыларга шайлоо элдин мүдөөсүн чагылдырбайт, деп билдирди. “Азадликтин” дагы бир жетекчиси, “Мусават” партиясынын төрагасы Иса Камбар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылмайынча, оппозиция аягына чейин күрөшө тургандыгын бышыктады. “Азадликтин” ырастоосунда , шайлоо өкүлдөрү айрым шайлоо бекеттерине байкоочуларды киргизген жок, айрым жерлерде шайлоочулардын бармагына суу менен жууса эле кетип кала турган боек менен белги салынды.

Бийликтеги «Йени Азербайжан» партиясы оппозициянын бул кинелерин негизсиз деп четке какты. «Йени Азербайжандын» баш катчысы Ахмадов анын партиясы акыйкат шайлоонун аркасы менен 125 орундуу парламенттеги басымдуу көпчүлүгүн сактап калганын маалымдады. Америкада жайгашкан мамлекеттик эмес уюмдар жүргүзгөн сурамжылоо «Йени Азербайжандын» чектелүү көпчүлүккө ээ болгондугун көрсөтүүдө.

Шайлоо баштала электе эле оппозиця анын бейтараптуулугунан шек санап, добуш берүү өкмөттүн кызыкчылыгына жараша болот деп айтып жаткан.

АКШнын Мамлекеттик Департаментинин дайындоосу менен жүргүзүлгөн дагы бир сурамжылоонун жыйынтыгы жарыялана элек. «Йени Азербайжан» мындай суранжылоону оппозициячыл талапкерлердин урук-туугандары жүргүзөт деп ырастап, анын жыйынтыгына ишенбөй тургандыгын эскерткен. Кечээки шайлоого 1600дөй чет элдик байкоочу көзөмөл жүргүздү. Алардын бүтүмү бүгүн жакын арада белгилүү болот, деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG