Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

ӨЗГӨНДӨ 125 ҮЙ-БҮЛӨ ЧАТЫРЛАРДА КҮН КЕЧИРҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Жайдагы селден жапа чеккен Өзгөн районундагы 125 үй-бүлө өкмөттүн аракетсиздигине нааразылыктарын билдиришти. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен улам турак-жайсыз калган бул үй-бүлөлөр кыш күрөөнүн алдындагы суукта чатырларда күн кечиришүүдө.

Ушул жылдын июнь айында болуп өткөн селден жабыркаган Өзгөн районундагы Зергер, Мырзаке жана Дөңбулак айылдарынын тургундары өкмөт тарабынан турак-жай куруу үчүн жер жана ссуда өз убагында бөлүнүп берилбегендиктен улам, учурда экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген чатырларда жашап жатышат. Суук түшүп, чатырларда жашоого мүмкүн болбой калгандыгына тынчсызданышкан жабырлануучулардын айрымдары бийликтин кайдыгерлигине карата мындай пикирлерин билдиришти:

- Чатырларда жашап атабыз, күн суук, бала-чакаларыбыз үшүп атат. Өйдө жактан жардам күтүп жатабыз. Суукка, карга калтырбай, бизди ойлоп үйлүү-жайлуу кылып койсо жакшы болот эле. Баарыбыз ооруп атабыз, балдарыбыз кантип окушат билбейбиз, – дейт Мырзаке айыл өкмөтүнүн тургуну Гүлбара Ибраева.

Чатырлар тиешелүү отун-суу менен камсыз болбогондуктан улам анда жашаган жаш балдар турсун, алардын ата-энелерине дагы суук тийген. Сууктун кесепетинен сасык тумоодон арылалбай жүргөн Жумабай Назаров аттуу жигит саясат кумарына кирип кеткен бийлик карапайым элдин көйгөйүн унутуп бара жатат деген оюн ортого салды:

- Же отундан дайын жок, кышта ушинтип чатырда ооруп жатабыз. Өзүм бир ай ооруканада жатып чыктым. Бизге өкмөттөн эч кароо жок. Жер, ссуда берилсин деп атышат, бирок дайыны жок. Биздин акыбалыбызды келип сурап койгон эч ким жок.

Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинин маалыматына караганда, жаздагы селден жабыркаган 153 үй-бүлөнүн ушул күнгө чейин болгону 28ине гана турак-жай куруу үчүн ссуда берилген. Ал эми калгандары туугандарынын үйлөрүндө, батирлерде жана чатырларда жашап күн кечиришүүдө. Өзгөн районунун акими Үсөнбай Абдыраимов өкмөт тараптан эч кандай жардам болбой жаткандыгын мындайча белгилеп өттү:

- Бүгүнкү күндө акыбалыбыз өтө оор. Өкмөт тарабынан жардам болбосо биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Бүгүн ошол үй-бүлөлөргө жалпысынан 76 млн. акча керек. Муну жеңил болот деп айта албайм. Премьер министрдин өзүнө дагы кат жазып, ушул көйгөйдү айтып билдиргенбиз. Бардыгы эле билет, бирок азырынча жооп жок.

Селден жабыркаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү суук түшкөнгө чейин өкмөт турак жай маселесин жана жылуулукту чечпесе ыңгайы келген мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме-уюмдардын имараттарын басып алышып, жайгаша тургандыктарын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG