Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУНДА ДА АР К ЫЛ ПИКИРЛЕРДИ ПАЙДА КЫЛДЫ


Жекшембиде Азербайжанда парламенттик шайлоо өттү. Азербайжандын оппозициячыл кыймылдары шайлоо өнөктүгү ар түрдүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришүүдө. Ал эми Кыргызстандын коомчулугу Азербайжанда бийлик алмашпайын шайлоолор адилет өтпөйт деген пикирде.

Бул шайлоодо Азербайжан парламентиндеги 125 депутаттык орунга 47 саясий партиядан жана 1 саясий бирикмеден 1541 талапкер ат салышты. Азербайжандын борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, 476 адам ат салышуудан баш тарткан.

РИА-Новости маалымат агенттиги кабарлагандай, Азербайжандын тарыхында эң биринчи жолу шайлоо мажоритардык системада өттү. Бирок ошого карабастан, 3 негизги саясий партиялардын атаандаштыгы күч алды. Булар “Йени Азербайжан” жана анын оппоненттери “Мусават” партиясы менен“Азадлыг” бирикемеси.

Добуш берүү аяктаарына бир нече саат калганда “Азадлыг” оппозициячыл бирикмеси шайлоо ар түрдүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдирип, түшкө чейин эле 600гө жакын мыйзам бузуу фактылары катталганын маалымдашты.

Азербайжандагы бул шайлоо кыргыз коомчулугунда да аркы пикирлерди пайда кылды. Маселен, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Азербайжанда бийлик алмашмайынча шайлоолор адилет өтпөйт деген пикирде:

- КМШ мамлекеттеринидеги шайлоолорду байкап көрсөк, эң таза шайлоолор азыркы мезгилде Балтика боюндагы мамлекеттеринде болду. Азербайжанда болсо жаңы муун келгенде, бийлик алмашканда гана таза шайлоо болот.

Парламенттик шайлоо таза жана адилет өтсүн деген максатта өлкөдө баш бармакка атайын түсү жок сыя менен белги коюу чечими кабыл алынган. Дегеле шайлоодо баш бармакка белги коюу шайлоонун адилет өтүшүнө өбөлгө түзүп бере албайт дейт акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу:

- Акыйкатчы катары жана шайлоого катышкан адам катары пикирим мындай: Баш бармакка белги коюу - шайлоону адилетсиздиктен сактабайт. Жасалма жол менен түзүлгөн нерсени адам оңой эле жеңип алат экен да. Ошондуктан белги коюу эч качан таза шайлоого алып келбейт. Муну мен өзүн-өзү же дүйнө коомчулугун алдоо деп эсептейм.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрсулова болсо Азербайжандагы шайлоо тууралуу оюн мындайча билдирди:

- Азербайжанда президенттик шайлоо өткөндөн тартып эле саясий, укуктук басмырлоо токтолбой жатат. Парламенттик шайлоодо албетте бизде болгондой эле бүгүнкү күндөгү бийликте отурган бийлик өкүлдөрү өзүнө керектүү адамдарды, камчысын чаба турган адамдарды бийликке алып келгенге аракет кылып жатышат. Ушундай нараазычылык эртеби-кечпи системаны алмаштырууга алып келиши мүмкүн деп ойлойм.

Азербайжандагы авторитардык режим шайлоонун өнөктүгүнө түздөн түз таасирин тийгизди. Грузия , Украина жана Кыргызстан мамлекеттери сыяктуу эле Азербайжанда да түстүү ыңкылап болушу мүмкүн. Эл олуттуу өзгөрүүлөргө бышып калды, дейт “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын лидери Жыпар Жекшеев:

- Азербайжан эч качан демократиялык мамлекет болгон эмес. Ал эң бир консерватидүү, социалисттик, авторитардык режимдин өлкөсү болуп келе жатпайбы. Президент Алиевдин сын алгы аркылуу чыгып сүйлөп жатканын көрдүм. Ал жерде мыйыгынан күлүп, шылдыңдагансып, “бийликти каалап жаткандар дагы бар экен” дегенсип, атасынан калган бийликти түбөлүккө ээлеп калгандай сүйлөдү. Ошондой режимде, ошондой жетекчи болуп турган жерде эч качан демократиялык, калыс шайлоо болбойт. Менин оюмча, Азербайжанда Грузиядагыдай , Кыргызстан, Украина мамлекеттериндегидей окуялар болушу мүмкүн. Менимче, Азербайжандын эли бышып калды. Мурунку режим өзүнүн жетээр чегине жетип калды. Бир өзгөрүш болушу керек да. Мен Азербайжанды чоң өзгөрүүлөр күтүп турат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG