Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

ФРАНЦИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ТАРТИП ТЕСКЕ САЛЫНААРЫНА ИШЕНДИРДИ


Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Францияда 1 жарым миңге жакын машина өрттөлүп жиберди. Аламандаган жаштар алгачкы жолу ок чыгарышты. Өкмөт болсо чукул жыйын өткөрүп, 11 күн катары менен уланып келаткан тополоңду токтотууга аракет көрүүдө.

Эссон чөлкөмүнүн полиция жетекчиси Бернар Франьо жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү анын кол астындагы полициячыларга ок атылганын билдирди:

- Полиция кызматкерлери мыкты аракеттенгенин белгилеп кетиш керек. Алар болбосо өткөн түн эмне менен аяктамак, кудай өзү билет. 20 чакты кишибиз жараат алды.

Тополоң Париждин чет жактарында башталып, 11 күндүн ичинде өлкөнүн башка шаарларына жайылып кетти. Полициячылардын “Action police” деген уюму тополоң каптаган райондордо чукул кырдаал абалын жарыялоону, тартип орнотуу иштерине армияны тартууну сунуш кылды. Франциянын ишкерлер тобунун бири баш аламандык чет өлкөлүк инвесторлорду чочутуп, өлкөнүн экономикасына чоң зыян келтирилиш ыктымал, деп эскертти.

Буга чейин үн катпай келген президент Жак Ширак жекшембиде алгачкы кайрылуусун жасап, тартип калыбына келтирилет деп убада берди:

- Биздин приоритет коомудук тартипти теске салуу экенин дагы бир жолу кайталайм.

Премьер-министр Доминик де Вилпен коопсуздук чаралары күчөтүлөөрүн айтты:

- Керек болгон аймактарда коопсуздук күчөтүлөт. Мыйзам бузууларга жол бербейбиз.

Тополоң негизинен Африкадан чыккан келгиндер байырлаган жакыр чөлкөмдөрдө орун алууда.

«Фарда» радиосунун Париждеги кабарчысы Мир Али Хосейни көпчүлүк иммигранттар Францияга 1950-60-жылдары келгенин, алар баш калаанын жака белдериндеги райондорго жайгаштырылганын айтат. Ал кездери ошол шаарчаларда түпкүлүктүү эл да көп болчу. Иммигранттардын үй-бүлөлөрү кеңейип, алар үстмөдүк кыла баштаган сайын, түпкүлүктүү тургундар акырындап башка райондорго көчүп кете баштады. Ошентип, келгиндер обочодо калып, алар “гетто” деген атка конушту.

Тополоң уланып жаткан аймактын көпчүлүк тургундары түн ичинде каптаган зомбулукту айыпташаарын айтышат. Күн сайын жүздөгөн машина өрттөлүп жатат. Атүгүл балабакча, мектептерге кол салуулар болгон учурлар да жок эмес.

Франциянын ислам топторунун бири тополоңду айыптаган билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG