Кытайдын Шиңжаң провинциясындагы көмүр шахтасында бүгүн жарылуу болуп, 14 адам өлгөнү тууралуу айтылууда. Жекшембиден бери Хебей провинциясындагы гипс шахталарында жана Шанси провинциясындагы көмүр шахталарында дагы жарылуулар болгондон дагы 43 адам өлгөн. Үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айында эле Кытай шахталарында 2700 адам курман болду.
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады