Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Вячеслав Поставнин бүгүн жарыялаган билдирүүгө караганда, мурдагы советтик жумурияттардан Орусияга мыйзамсыз түрдө келип, бирок жумуш таап иштеп жаткан адамдарга - жумушка орношууга расми уруксат берилиши мүмкүн. Азыр Орусияда беш миллионго жакын андай мигрант бар жана алардын бир миллиону эми расми шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк алат.