Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

ЕВРОШАРКЕТ ЛУКАШЕНКОДОН АДИЛЕТ ШАЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Еврошаркет Белорусияда келерки жылы боло турган президенттик шайлоонун ачык, адилет жана демократиялык стандарттарга ылайык өткөрүүнү талап кылып, Беларусту кысмакка алганы жатат. Мындай чечим Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн жыйынында кабыл алынды. Уюмдун айрым өкүлдөрүнүн айтымында, андай кысмактоо чараларынын катарында виза берүү шарттарын катаалдантуу жана өлкөнүн Еврошаркеттеги банк эсептерин токтотуп койуу өңдүү кадамдар да болушу ыктымал.

Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бир саатка созулган талкуусунан кийин Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу президент Александр Лукашенконун дарегине төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

- Беларусиядагы демократиянын тагдыры бизди өтө камтама кылат. Биз бул өлкөдө президенттик шайлоонун демократиялык жол менен өткөрүлгөнүн көргүбүз келет. Эгерде шайлоо эл аралык стандарттарга төп келбесе, ал үчүн жоопкер адамдарга виза берүүгө тыйуу салуу, эсептерди токтотуп койуу сыяктуу чаралар колдонула турганын ачык айтып койгубуз келет.

Бирок декларациянын долбоорунда белгиленип өткөн бул чаралар жөнүндө декларациянын өзүндө конкреттүү эч нерсе айтылган жок. Бул фактыга таянып «Азаттыктын» кабарчысы Ахто Лобьякас Минскке каршы катуу чара көрүүнү талап кылып келаткан Польшанын мүдөөсү ишке ашпай калганын түкшүмөлдөйт.

Польша Лукашенконун режимине каршы катуу чара көрүүнү талап кылган өлкөлөрдүн бири. Бирок аны Еврошаркеттин башка мүчөлөрү бул жолу да колдобой койгон шекилдүү.Еврокомиссия Лукашенконун өкмөтүн жазалоодон мурда, анын оңолуусуна жол берүү керек, деп эсептейт.

2006-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Лукашенко үчүнчү мөөнөткө ат салышканы жатат. Буга мыйзамдык жол ачуу үчүн былтыр өлкөдө референдум да өткөрүлгөн. ЕККУ, Еврошаркет менен АКШ бул добуш берүүнү демократиялык нормаларга туура келбеген кадам катары кескин сынга алышкан.

Буга чейин Еврошаркет Беларусиянын жогорку даражалуу алты жаранына уюмдун аймагына кирүүгө тыйуу салган. Алардын төртөөнү уюм 2000-жылы оппозициялык саясатчылардын ың-жыңы чыкпай жок болуп кеткенине катышы бар деп эсептейт, ал эми дагы экөө былтыркы нааразылык демонстрацияларын күч менен басууда чоң роль ойношкон деген шек бар.

Ошентип виза бербей койуу чарасы Еврошаркет-Беларус мамилелеринде жаңы эмес, бирок уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Вальднер виза берүүгө тыйуу салуу башка жогорку даражалуу өкмөт өкүлдөрү менен Лукашенконун өзүнө тийешелүү болбой турганын, анткени уюм Лукашенко менен диалог жүргүзүү үчүн каналдардын бирөөнү ачык калтыргысы келип жатканын билдирди. Ошону менен бирге уюм Беларусиянын өзүнө каршы киргизилген санкциялардан анын жарандары жабыркабай турганын кошумчалады.

Еврошаркет эң ириде Беларусиянын жарандык коомунун өнүгүүсүнө көмөктөшүүнү туура көрөт:

- Бизди Беларустун демократиялык күчтөрүнүн, жарандык коому менен көз каранды эмес маалымат каражаттарынын кысмакка дуушар болуп жатканы камтама кылат.Ошон үчүн биз Еврокомиссияда өлкөнүн жарандык коому менен маалымат каражаттарына жардам берүүнү көңүл борборуна койууну чечтик ,- деди Ферреро Вальднер.

XS
SM
MD
LG