Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

ФРАНЦИЯ: ӨКМӨТ ТОПОЛОҢДУ ТОКТОТУУНУ ЧЕЧТИ


Франциянын өкмөтү түнкү тополоңдорду токтотуу үчүн региондордо коменданттык саат киргизгенге жергиликтүү бийликтерге уруксат берди. Премьер-министр Доминик де Вилпен бүткүл өлкөнү каптаган башаламандыкты уюштуруп жатканы үчүн кылмыштуу топторду айыптады. Абалды жөнгө салганы армияны колдонуу сунушун ал караманча четке какты. Түнкү талоон Франциянын үч жүздөй шаарына жайылды. Анын биринчи курмандыгы да пайда болду.

Франциядагы окуялардын түпкү себебин айрым эксперттер эки нерседен – социалдык жана расалык теңсиздиктен көрүшөт. Түндүк Африкадан тараган арап тектүү жана ынды кара калктын өкүлдөрү Францияда өткөн кылымдын орто чендеринде кара жумушчу күч катары пайда боло баштаган. Алардын азыркы урпактары келгиндердин ошол биринчи муунунан айрымаланып, Францияда төрөлгөн жана өлкөнүн толук укуктуу жараны делинет. Бирок алардын арасында социалдык-экономикалык жактан ооматы жогорулап, багы ачылгандар өтө эле аз. Теги келгин жаштар арасында жумушсуздук бүткүл өлкөдө 20 процентке жетет.

Расизмге каршы күрөшкө адистешкен Париждеги коомдук уюмдун өкүлү Мэрилоу Жэмполски тополоңдун түбү социалдык себепте дейт. Келгиндердин тукумдары ата-бабаларындай эле өтө жакыр турушат. Бирок бу жерде расизм да бар, эмнеге дегенде Францияда түсү биртке буруу адам жумуш же үжөрө издегенде, атүгүл түнкү клубдарга барганда деле өгөйлөгөн мамилеге туш болот. Өңү каралыгы же арап тектүүлүгү аз келгенсип, жакыр-жалчы райондорду байырлаган адам болсо андан бетер кыйын.

Франциялык социолог, азыр Канаданын Торонто шаарындагы консультациялык борбордо иштеген Лорент Блайвет буга кошумчалап, иммигранттар менен алардын урпактарын француз коомуна интеграциялоодо өкмөт жетерлик кадамдарды жасабагандыгын белгиледи. Франция чынында эле иммиграция проблемасына байланыштуу дегеле кабыргасынан маселе коюп, баш оорутуп көргөн эмес, дейт ал. Журналисттер айтып жатышкандай, эми ошонун натыйжалары көрүнүп жатат. Иммиграция темасын башка өлкөлөрдөгү гезиттер козгоп жатат, француз басылмаларында болсо жалаң шаар четинин проблемалары гана жазылууда. Иммигранттар темасын козгогондон француздар алиге чейин жалтактап турабыз, дейт Блайвет.

Европалык айрым гезиттер түнкү талан-тараждарды француз коомундагы “цивилизациялардын кагылышы” деп атаса, кээ бир баяндамачылар материкте келгин калк европалыктардын социалдык моделинен жана демократиялык эркиндиктеринен кыйла эле үзүр көргөнүн, бирок андан айрымалуу катарлаш коом түзгөнүн белгилешет. Дал ушул катарлаш коомду эске албаган текебердик европалык мамлекеттер үчүн өтө кесирлүү аякташы мүмкүн, дешет алар.

Франциянын өкмөтү азырынча тополоңду басканы коменданттык режимдерди киргизүүнү чечти. Мындай чараларды айрым тургундар колдоду. “Эгер бул бир нече күндөн бери болуп жаткан иштерди басканга жардамы тийсе, эмне үчүн болбосун?” - дейт Лилле шаарынын тургуну. Экинчи бир аял муну өтө эле ашыкча кадам деп баалады. Жаштарга башкача мамиле жасоо керек, болбосо алар баарын таш-талкан кылып ташташы мүмкүн. Үчүнчү бир француз болсо бул өзү жаман идея эмес дейт, бирок ал түпкү проблеманы чече аларына ишенбейт.

XS
SM
MD
LG