1999-жылы НАТО аскерлери Сербияны бомбалап, Косово автономиясындагы кыргынды токтоткондон бери аймак Бириккен Улуттардын башкаруусу алдында. Косово азыр расми түрдө Сербия менен Монтенегро деген жумурияттын курамына киргени менен, анын жетекчилиги дээрлик эгемендүү аракеттенүүдө жана айрым эксперттердин пикиринде, келечекте ал өз алдынча жумуриятка да айланышы мүмкүн. Автономиянын өз президенти жана премьер-министри бар, бирок президент Ибрагим Ругова рак менен оорулуу жана ал дүйнөдөн кайтса, Косоводо жаңы башаламандыктар башталышы ыктымал.
Бир кезде Косово Югославиянын курамындагы Сербиянын ичиндеги автономия болчу, бирок бийликке Слободан Милошевич келгенде, аймактын автономиялык макамын жоюп салган, бир нече жылдан кийин жергиликтүү калк ага каршы чыкканда, Милошевич Косоводо жашаган мусулмандарды кыра баштаган жана НАТО уюму күч колдонууга аргасыз болгон.
Косово калкынын басымдуу көпчүлүгүн мусулман албандар түзөт жана алар толук эгемендүүлүк алууга кызыкдар, Сербия жетекчилиги болсо, албетте, ага каршы, ошондуктан сүйлөшүүлөр оор жана татаал болору күтүлүүдө. Ноябрдын ичинде аймактын келечеги тууралуу сүйлөшүү баштоо чечимин Бириккен Улуттар 24-октябрда кабыл алды, баш катчы Кофи Аннан сүйлөшүүнү жетектөөгө Финляндиянын бир кездеги президенти Мартти Ахтисаарини дайындады. Сербия жана Орусиянын өкүлдөрүнүн пикиринде, Ахтисаари Косового эгемендүүлүк берүү идеясын колдошу мүмкүн.
8-ноябрда АКШ Конгрессинин тышкы байланыштар комитетинде маселе боюнча талкуу болуп өттү, ага мамлекеттик катчынын орун басары Николас Бөрнс жана белгилүүү дипломат, Босниядагы кыргынды токтоткон Ричард Хоулбрук катышты. Бөрнстун айтымында, жакында баштала турган сүйлөшүүгө АКШнын атынан ким катыша турганы азырынча аныктала элек, эгемендүү жумурият болуш үчүн болсо, косоволук албандар андай эч кимге көз карандысыз мамлекетти башкарууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө тийиш:
- Косоволук албандар бизге жана дүйнөлүк коомчулукка - алар демократиялык жана натыйжалуу башкаруу уюштурууга, андай башкаруучулук алдында улуттук азчылыктардын укуктарын коргой турганын далилдөөгө тийиш.
Сербия менен Монтенегро өкмөтүнүн айтымында, алар Косового жөнөкөй автономиядан өйдө, бирок эгемендүүлүктөн ылдый макам берүүгө даяр. Бирок эгер Косово эгемендүүлүккө жетсе, анын тажрыйбасы Тоолуу Карабак же Абхазия сыяктуу өздөрүн өзү көз карандысыз деп жарыялаган аймактарга күчтүү мисал болот.