2000-жылы Орусияда 146 миллион адам жашаган жана демографтардын айтымында, акыркы жылдарда өлкө калкы ар жыл сайын бир миллион адамга кыскарып баратат. Өлкөгө сырттан иммиграция болбосо, 2025-жылы Орусия калкы 129 миллионго чейин, ал эми 2050-жылга карата 112 миллионго чейин кыскарып кетиши мүмкүн.
1987-жылы Орусияда эки жарым миллион бала төрөлгөн, азыр болсо бир жылда туулган балдардын саны бир жарым миллиондон ашпайт. Акыркы бир-эки жылда төрөлгөн балдардын саны анча-мынча көбөйө баштады, бирок айрым эксперттердин айтымында, бул көрсөткүч жакынкы келечекте кайрадан төмөндөйт, анткени 20-30 жылга чыккан аялдардын саны кайрадан азаят. Башка демографтардын айтымында, бул көрсөткүчкө негизинен улуту боюнча орус эмес элдер салым кошууда. Аны менен катар, Орусияда жыл сайын өлгөндөрдүн саны эки миллион 300 миңге жетти жана сырттан иммиграция болбогондо, абдан көп экономикалык маселелер чыгышы мүмкүн.
Ошондуктан каржы министри Алексей Кудриндин айтымында, мигранттардын Орусияга келишине кеңири жол ачпаса дагы, сырттан келип иштеп калган адамдардын абалын жеңилдетиш керек. 8-ноябрда болсо өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Федералдык миграция кызматынын эксперти Вячеслав Поставнин атайын билдирүү жасап, Орусияга мыйзамсыз келген эмгек мигранттарынын айрымдарынын абалына расми макам берсе болот деп билдирди:
- Эгер андай мигранттарды легалдаштырбасак, биз аларды кылмышка түртөбүз. Өлкөгө мыйзамсыз келген эмгек мигранттарынын саны абдан көп, алардын укуктары чектелүү жана тартип коргоо уюмдары аларды такай кысымга алып турат. Расми макам берүү менен биз алардын иштөө абалын гана жөнгө салбастан, аларды кандайдыр бир козголоң уюштурууга кызыкпаган адамдарга айлантабыз.
Анткен менен көптөгөн орусиялык саясатчы мындай кадамдарды сынга алууда жана алар негизинен Орусияга Кавказ менен Борбор Азиядан жана Кытайдан өлкөнүн Алыскы Чыгышына келгендерге каршы. Мисал үчүн, 1-ноябрдан тартып Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары Орусияга өз улуттук паспорттору менен келүүгө укук алды, ошондой эле укукка орусиялык жарандар да ээ болду, бирок Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Николай Курьянович президентке кайрылып, мындай тартипти кайрадан жоюуну талап кылды. Анын айтымында, аны менен орус өкмөтү Орусияны кылмышкерлер менен наркомандарга толтуруп жиберет. Кытайдан болгон иммиграция болсо мындай саясатчылар тарабынан капсалаң катары мүнөздөлөт.
Аны менен катар Орусиянын өзүндөгү демографиялык абал улам начарлап баратат. Мисал үчүн 1950-жылдарда АКШ, Жапония жана Орусияда жашагандардын өмүрүнүн орточо узундугу дээрлик бирдей - 64-68 жылдын тегерегинде болчу. 2000-жылы болсо бул көрсөткүч Жапонияда 80 жарым жыл, Америкада 76 жыл, ал эми Орусияда 66 гана жылды түздү. Ошондо дагы бул көрсөткүч негизинен - орус аялдары эркектерден узагыраак жашагандыктан 66 жылга жеткен. Эркектер болсо Орусияда азыр орто эсеп менен пенсияга чыгуу жашына да чыкпай өлөт. АКШнын Жоржтаун университитин профессору Мюррей Фишбахтын айтымында, азыр Орусияда жашаган эркектердин 40 пайызы он алтыдан 59 жашка чейинки куракта каза болууда.