Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

АЗЕРБАЙЖАНДА ОППОЗИЦИЯ ДЕМОНСТРАЦИЯГА ЧЫКТЫ


Азербайжандын оппозиция лидерлери жана алардын колдоочулары кечээ Бакы калаасынын борборунда жекшембидеги парламенттик шайлоого байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар добуш берүү одоно жана көптөгөн эреже бузуулар менен өттү деп ырастап, шайлоо чөлкөмдөрүнүн 80 пайызында кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Азербайжандын мамлекеттик сыналгысы шаршембидеги демоснтрацияга болгону 3 миң киши катышты деп маалымдады, бирок көз карандысыз байкоочулар оппозициянын чакырыгына кеминде 15 миң киши кошулганын айтышууда.

Азербайжандын мамлекеттик ырын ырдаган демонстранттар Калаба же Жеңиш аянтында чогулушту. Бул тарапка полиция күчтөрү жайгаштырылды, бирок эч кандай кагылышуу болгон жок. Демонстранттар жекшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгын гана жокко чыгарууну талап кылбастан, айрымдары президент Илхам Алиев менен анын өкмөтүнүн бийликтен кетүүгө да чакырышты.

“Азаттыктын” кабарчысы Роберт Парсон жеринен буларды билдирди:

– Чогулган эл бир топ бар. Мында тургандардын бардыгы бул Азербайжандагы соңку демонстрациялардын эң ириси болуп калгандыгын айтып жатышат. Демонстранттардын маанайы көтөрүңкү, кантсе да элдин көп келгенине кубанып жатышат. Менимче, катышуучулардын көптүгү алардын өздөрүнө болгон ишенимин бекемдеди.

Бакы калаасынын бийликтери киргизген шартка ылайык, демонстранттар үч сааттан кийин таркап кетишти. Мында оппозициядагы "Азадлыг" жана башка чакан биримдиктердин, партиялардын өкүлдөрү болду. Бир канча жаштар уюмдары да катышты. Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында Азербайжандын «Элдик майдан» партиясынын реформачыл канатынын жетекчиси Али Керимли болду.

– Бул биздин күрөштүн жаңы жана ийгиликтүү башталышы болуп калды. Бүгүн мына ушул аянтта "Азадлыгдын" гана өкүлдөрүн эмес, «Милли бирлик», «Йени сиасет» партияларын, жана башка укуктары бузулган ар бир адамды көрүп турабыз. Жашасын биримдик!

"Азадлыгга" кирген Азербайжандын Демпартиясынын жол башчысы Сардар Жалалоглу өз кезегинде батыш өлкөлөрүн президент Алиевдин өкмөтүн жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга көндүргүлө, деп чакырды. Демонстранттардын көбү кызгылт-сары жоолук байланышып, "Азадлыгдын" эн-белгиси болгон гвоздика гүлүн булгалап турушту.

Демонстранттардын бири «Азаттыктын» кабарчысына өзүн Илхам деп тааныштырып, Калаба аянтына эмнеге келгенин мындайча түкшүмөлдөдү:

- Мен Бакы шаарында жашайм, коңшуларымдын бири да бийликтеги “Йени Азербайжан” партиясына добуш берген жок. Мен чындыкты айтып жатам. Мен Азербайжандын атуулумун жана дүйнөнү алдагым келбейт. Биз бул парламенттик шайлоодо демократиядан кол жуудук.

Жыйындын соңунда уюштуруучулар жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү талабы айтылган резолюция кабыл алышып, ишемби күнү кайра чогула турган болуп таркашты.

XS
SM
MD
LG