Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:26

АЖЫЛЫК САПАРГА ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ


Маектешкен Кубанычбек Жолдошев, Ош Мусулмандардын ыйык Рамазан айы аяктап, кезектеги ажы сапарын уюштурууга даярдыктар башталды. Быйылкы ажы сапарына жөнөтүүнүн шарттары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын башчысы Муратаалы ажы Жуманов “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Азирети муфтий, ажыга кандай мусулмандар барышы керек жана сапарга чыгуунун жалпы шарттары менен тааныштырып өтсөңүз?

- Күч-кудурети жеткен адам өмүрүндө бир жолу Меккеге барып, ажылык милдетин аткарып келиши керек. Ден-соолугу жакшы, бирөөдөн карыз албаган, өзүгө ток, ажыга кеткенден кийин балдары көчөгө карыз сурап чыкпай турган даражада болсо, ошондой адамдар ажыга барып, ажылык милдетин аткарыш керек. Аларга парз. Кайра-кайра барып, муну өнөкөткө айландырып, же орой айтсак модага айландырып, турмушта жакшы атка конойун деп, кошунам, тууганым кетип баратат, мен деле барып келе берейин деген сапар эмес бул. Бул сейил, саякат эмес. Бул Кудайдын алдындагы милдетибиз.

- Быйыл ажы сапарына жөнөтүүнүн шарттары жана жол чыгымынын өлчөмү кандай болуп жатат?

- Учактын баасы бүгүнкү күнү 1650 доллар болду түз учууга. Жылдагыдан 100-150 долларга кымбат. Себеби, быйыл биздин планыбызды бузган биринчи күйүүчү май болду. Күйүүчү май күндөн күнгө кымбаттап атат. Ажылык учурга жеткенде кандай болот, муну Кудай өзү билет. Автобус былтыркы жылы калсын, токтосун деп айттык эле. Бирок кээ бир шарттарды, элдин кыйналган катмарын, учактан баасы арзандыгын эске алып, автобусту быйыл да жөнөтөлү деген келишимге, чечимге келдик.

- Мусулмандардын ажы сапарын уюштуруучу ажы башчылардын ишмердүүлүгү муфтият тарабынан көзөмөлгө алынабы?

- Быйыл ажы башчылардын санын жылдагыдан 30 кишиге азайттык. Былтыр 70 кишиге ажы башчы деген уруксат баракчасын бердик эле. Быйыл Ош, Жалалабат, Баткен облустарын бириктирип, элүүгө жакын кишиге ажы башчы деген уруксат берип атабыз. Колунда ошондой уруксаты жок адам сизди ажыга алып барып келем десе, ага макул болбоңуздар.

- Кийинки учурларда коомчулукта ажыга Кыргызстандан барган зыяратчылардын жана ажы башчыларынын арасында соода сатык максаты менен баргандар көбөйүп жатат деген пикирге кандай карайсыз?

- Кээ бирки ажы башчылар, мисалы он ажы башчынын экөө сапарды жеке кызыкчылыкка пайдаланып, бизнес катары пайдаланып калайын деген пикирде жүргөндөр арасында бар. Ажылыкка бизнес эмес, парзды аткарганы баргыла деп айтып атабыз. Андайларды биз анык билсек, далилдүү болсо чара колдонулат.
XS
SM
MD
LG