Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

АКШ ТАРАБЫНАН КҮНӨӨЛӨНГӨН ИРАКТЫК САЯСАТЧЫ АМЕРИКАЛЫК ЖЕТЕКЧИЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык жетекчилик Иракка каршы 2003-жылы согуш баштаар алдында Ирактагы абал тууралуу айрым маалыматтарды өлкөнүн оппозициялык саясатчыларынан алган. Андай адамдардын бири - азыр Ирак өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп иштеген Ахмад Чалаби жана ал ноябрдын башында Вашингтонго келип, америкалык жетекчилер менен жолукту.

Президент Саддам Хусейндин учурунда Ахмад Чалаби Америкада бир топ жашаган, андан соң мекенине кайтып барып, "Ирактын улуттук конгресси" деп аталган оппозициялык уюмду жетектеген. Айрым маалыматтарга караганда, ал АКШнын чалгындоо кызматтары үчүн дагы иштеген жана Ирактын өзөктүк курал чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү айрым маалыматтарга Вашингтон Чалаби аркылуу жеткен. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарлаганына караганда, Чалабинин Улуттук конгрессин АКШнын Коргоо министрлиги каржылаган жана кезинде бул уюм Пентагондон ай сайын 340 миң доллар алып турган.

Бирок Саддам бийликтен кулатылгандан кийин Чалаби менен Вашингтон ортосундагы мамилелер дагы бузулган. 2004-жылдын июнунда Чалаби - америкалык чалгындоо кызматтарынын иши жөнүндөгү айрым маалыматтарды ирандык тыңчыларга жашыруун берген деген маалыматтар тараган жана АКШнын Федералдык тергөө бюросу атайын кылмыш ишин да ачкан. Жазалоодон качып, Чалаби бир топ убакытка жашырынып да жүргөн, тергөө иши эмгиче жабыла элек, бирок ага карабастан Чалаби Ирактын жаңы өкмөтүндө вице-премьерлик кызматка жетти.

Эми болсо ал Вашингтонго Ирактын расми өкүлү катары келип, 9-ноябрда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен жолукту жана андан соң "Америкэн энтерпрайз" деген илимий изилдөө борборунда да чыгып сүйлөдү. Ал жыйында Чалаби америкалык журналистетрдин оор суроолоруна жооп берди, айрымдар аны - Иракка каршы согуш баштоо чечимин кабыл алууда Чалабинин да салымы зор деп билдирди, бирок андай күнөөнү саясатчы четке какты:

- Иракта америкалык аскерлер курман болуп жатканы өтө кейиштүү, мен алардын туугандарына көңүл айтам, бирок алар Саддамды бийликтен кулатууга жардам көрсөтүштү. Ал эми мен америкалык өкмөткө жалган маалымат бергем деген сөздөр - алар жөн гана шаардык жомок.

Ага далил катары саясатчы - АКШда түзүлгөн атайын көз карандысыз комиссиянын жыйынтыктарын келтирди. Үстүбүздөгү жылдын башында комиссия чыгарган бүтүм боюнча, америкалык жетекчиликтин Иракка каршы согуш баштоо чечиминин кабыл алынышына Чалабинин Улуттук конгресси тапкан маалыматтар дээрлик таасир тийгизген эмес. Иранга жашыруун маалымат берген деген күнөөлөрдү дагы Чалаби жокко чыгарды:

- Бул калп. АКШнын кызыкчылыктарына зыян тийгизе ала турган маалыматты мен Иранга берген эмесмин. Мен буга чейин көп жолу кайталадым - АКШнын чалгындоо кызматтары тууралуу жашыруун маалыматты да мен берген эмесмин, андай маалыматты мен жөн гана билбейм.

Ахмад Чалаби азыр Ирактын убактылуу өкмөтүндө кубат жана мунай маселелери менен иштейт жана жакында түзүлө турган жаңы өкмөттө дагы ал жогорку кызматка дайындалат деп күтүлүүдө. Анын Кондолиза Райс менен жолугушуусу жабык эшик артында өттү.

XS
SM
MD
LG