Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

КЫРГЫЗ-ОРУС МАМИЛЕСИ: КИМГЕ ЫҢГАЙЛУУ?


Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бүгүн эки күндүк иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Иш сапардын башкы максаты - орус жана кыргыз мамилесин ар тараптан чыңдоо. Иш сапар мындан сырткары буга чейин Кыргызстандын президенти жана өкмөт башчысы аркылуу орус бийлиги менен түзүлгөн бир катар келишимдердин кандайча ишке ашып жаткандыгын талкуулоого жана Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы менен жакындан таанышып, алардын көйгөйлөрүн жеңилдетүүгө да багытталган.

Март айындагы ыңкылаптын шарданы менен мамлекет башына келген жаңы бийлик өз ишин жакынкы коңшулардын бири жана мурдатан өнөктөш-шериктеш болуп келген Орусия менен мамилени чыңдоодон баштады. Адистер буга Кыргызстандын экономикалык жана стратегиялык жактан өнүгүүсүнө жакынкы коңшулаш мамлекеттер менен мамилени чыңдоо зарылчылыгы себеп болуп жаткандыгын айтышууда.

Бирок тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен жакшы мамиледе болууга аракеттенүүгө тийиш:

- Биз Орусия, Кытай, Батыш өлкөлөрү же башка өлкөлөр менен кызматташууда бардык багыттарды салмактап, таразалап, ошол багытка жараша гана аракет кылуубуз керек. Бул же тигил мамлекет менен гана мамиле жасап, кызматташуу керек деген туура эмес.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов учурда Орусияда эки күндүк иш сапары менен жүрөт. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Иванов, жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жетекчиси Николай Бордюжа жана башка расмий адамдар менен жолугушмакчы.

Байкоочулардын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн орус бийлиги менен бирдикте келишип, кол коюшкан келишимдеринин дээрлик көпчүлүгү ишке ашпай келүүдө. Айрым байкоочулар мындай келишимдердин Орусия тарабынан колдоо таппай жаткандыгын Кыргызстанга караганда орус мамлекетинин экономикасы күчтүүлүгү менен байланыштырып келишет.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин айтымында, Орусияны Кыргызстан экономикалык өнөктөш катары анча кызыктырбайт:

- Кыргызстан кичинекей өлкө, Орусиянын экономикасы үчүн биздин өлкөнүн эч кандай кызыкчылыгы жок. Ал эми Канттагы авиабазанын ачылышы - бул кадимки эле саясат, АКШны Борбор Азияга жолотпоо саясаты.

Кыргызстан көп убакыттан бери орус бийлигинен Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү үмүт кылып, ага жетишүүгө болгон аракеттерин жасап келе жатат. Бирок бул ишке ашпай, ушул тапта Орусиянын бардык булуң-бурчтарында жүрүшкөн кыргыз мигранттарынын акыбалы дагы деле оор бойдон калууда.

Жакында Москва облусунда иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттары менен маектешкенибизде алар Кыргызстан менен Орусиянын жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишим, макулдашуулардын үзүрүн көрбөй жатышкандыгын, иш жүзүндө мунун баары эске алынбай тургандыгын айтып, кейишти. Өзүн Сабира деп тааныштырган келин буларды белгиледи:

- Кара жумушта иштеген кыргыз мигранттары документибиз жайында болсо деле орус милиционерлеринен көп запкы көрүп келе жатабыз. Соттоп, депортация кылып жибербегени менен түрдүү шылтоолорду айтып, акча алмайынча кыйнай беришет. Ошонун айынан убактылуу камоочу жайларда күндөп-түндөп жаткан учурларыбыз да болду.

2000-жылдын 27-июлунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түбөлүк достук, шериктештик жана өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG