Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

АКШ Түндүк Кореяны атомдук программасын тезинен токтотууга чакырды


Бул тууралуу Пекинде өтүп жаткан сүйлөшүүдөгү АКШнын өкүлү Кристофер Хилл 10-ноябрда билдирди. Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 9-ноябрда Пекинде башталган. Бир күндүк сүйлөшүүдөн кийинки таасирин бөлүшкөн Кристофер Хилл мурда жетишилген макулдашуулардын үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар экенин билдирген. Сентябрь айындагы сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея эгерде энергетикалык жардам жана коопсуздук кепилдиги берилсе, атомдук программасын токтотууга макулдук берген.

XS
SM
MD
LG