Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

БРИТАН ПАРЛАМЕНТИ ТЕРРОРГО КАРШЫ ЧАРАЛАРДЫ ЧЕТКЕ КАКТЫ


Өкмөт башчысы Тони Блэрдин террорчулукка шектелгендерди айып коюусуз эле үч айга чейин абакта кармоо сунушун Британиянын парламенти четке какты. Парламенттин бул кадамы британ мыйзамгерлери террорчулукка каршы күрөшкө жетиштүү мыйзамдык куралдар бар деп санашаарын көрсөтөт.

Британ өкмөтүнүн башчысы террорчу деп шектелгендерди 90 күнгө чейин камап коюуну элдин көпчүлүгү колдойт деп ырастаган. Бирок серепчилер террорчуларга аңчылык кылымдардан бери калыптанган атуулдук эркиндиктердин эсебинен жүрүп жатат деген тынчсыздануу эл арасында улам күчөп бараткандыгын айтышууда.

Мисалы, киши өлтүрдү деп шектелген адамды 4 күн айып коюусуз камоо мүмкүн, бирок террорчулукка шектелгендерди камоо мөөнөтү улам барган сайын узарып барат. Ушул шаршембиде ал 14 күндөн 28 күнгө узартылды. Ушундан улам Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлү Ливио Зили шаршембидеги добуш берүү иш жүзүндө "капитуляция" же багынып берүү болуп калды дейт:

Бул өлкөдөгү адам укуктарын, атуулдук эркиндиктерди айта турган болсок, кечээ 28 күндүк мөөнөттүн кабыл алынышы адам укуктары үчүн жеңиш деген аты гана болду.

Добуш берүүнүн алдында премьер-министр Тони Блэр мыйзам долбоорун жактап, мыйзамгерлерге мындай жалындуу сөздөр менен кайрылган эле:

Биз полициячыл өлкөдө жашаган жокпуз, бирок биздин жашоо стилибизди жок кылып, бизге чексиз залака келтирүүнү каалаган терроризмден чынында да олуттуу коркунучка туш болгон өлкөдө жашап жатабыз.

Бирок анын чакырыгы көпчүлүк мыйзамгерлердин кулагынын сыртынан кетти, натыйжада 1997-жылы шайлангандан бери биринчи жолу парламентте премьер-министрдин сөзү суу кечпей калды.

XS
SM
MD
LG