Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

МАРКУМ БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИН АГАСЫ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨРТТӨП ЖИБЕРДИ


11-ноябрда маркум депутат Баяман Эркинбаевдин агасы Асан Эркинбаев облустук бийликтин имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөдү. Эркинбаевдин калган туугандары эгерде Баямандын Оштогу камакта жаткан шакирттери менен жан сакчылары кечке дейре бошотулбаса, боз үйдө олтургандар толугу менен өрттөнүшөөрүн, бийликтин алардын нааразылык акциясына кайдигерлиги өмүрлөрүнө кол салууга мажбурлаганын билдиришти. Алар 8-ноябрдан бери Баяман Эркинбаевди атып өлтүргөндөрдү таап-жазалоону, анын камактагы жансакчыларын бошотууну, менчиктерин кайтарып берүүнү, президент Курманбек Бакиевдин келүүсүн талап кылып турушкан.

Сентябрда атып өлтүрүлгөн Баяман Эркинбаевдин жыйырмадан ашык туугандары облустук бийликтин алдына 8-ноябрда келишкен. Алардын боз үйүнө Ноокен, Ош, Алабука райондорунан келген отуздан ашык адамдын боз үйү кошулган. Маркум депутатты өлтүргөндөрдү таап-жазалоо, Баямандын жан сакчылары менен шакирттерин камактан бошотуу, менчиктерин коргоо, президент К. Бакиевдин келүүсүн, буйуртма киши өлтүрүүлөрдү токтотуу, адам укугун сактоо менен Ош шаардык жана облустук сотторду кызматтан кетирүү талабы менен президент К. Бакиевге, Бириккен Улуттар Уюмуна да кайрылуу жиберишкен.

Нааразы болгондордун билдирүүсү боюнча Баямандын туугандарынын талабына 11-ноябрга чейин жооп болгон жок. Түшкө жакын анын агасы Асан Эркинбаев намаз окуп бүткөндөн кийин аянтка чыгып, бензинди башынан төмөн куюуп, кийимине ширенке жагып ийди.

Ушинтип Асан Эркинбаев өрттөнүп жатканда анын эжелери кыйкырып турушту. Өрт өчүргүчтөр жете келишип, үстүнө таар жабышып, кум-көбүктөрдү чачып жиберишти.

Ошол убакта тез жардам машинасы келген жок. Бети-башы, мойну күйгөн Асан Эркинбаевди жеңил унаа менен облустук ооруканага алып кетишти. Аянтка жете келген губернатор Жусупжан Жээнбеков Эркинбаевдердин каргап жаткан эжелерине Баямандын менчигине кол тие электигин айтты:

- Колумдан келгенин баарын кылып атам. Кое турбайсыңарбы чыдап. Мал базарга ким тийип атат? Эч ким тийген жокко.

Эркинбаевдин жээни Мурат Жусупов бийликтин кайдыгерлигине нааразы болуп, камактагы балдарды кечке дейре бошотууну талап кылды:

- Балдарды бүгүн бошотуп алып келгиле. Эртеңке чейин камактагы балдар чыгып келcин… Колуңардан келбесе бирден өрттөнүп жок болобуз. Кыргызстанда мыйзам барбы, же жокпу? Аллага аманат кылып чыкканбыз, ушул күнгө чейин жалдыратып отурдук, же акимиаттан, же президенттен эч ким келген жок.

Эжеси Умсунай Эркинбаева мындай деди:

- Биз кечээ Баямандын өлүмүндөй муштап салбагыла дедик. Биз эскерттик. Эч чындык жок. Мен Кыргызстандын депутаттарына, жигиттерине айтамын эч качан биз кайтпайбыз. Биздин талаптарыбыз аткарылсын. Бейкүнөө бей бечаранын балдарын чыгарып берсин, биздин бетибизди тытып отурат.

Агасы өрттөнгөндөн кийин Баяман Эркинбаевдин карындашынын эси ооп, ал да ооруканага жеткирилди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG