Төрага Мао Цзедун убагында өз күчүн көрсөтүш үчүн Янгцзе дарыясын туурасынан сүзүп өткөн. Кытайдын азыркы лидери антип кара күчкө салбай, узак марафонго айланган дипломатиялык жүрүш жасоодо. Барган жеринин баарында ал Кытайдын күндөн күнгө өсүп бараткан күчүнөн коркпогула, андан көрө аны эки тарапты тең гүлдөтө турган факторго айландыргыла, деп басым жасап жатат. Өткөн аптада Вьетнамдын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын лидери бардык Азия мамлекеттеринин кызыкчылыгына токтолду.
- Биздин саясат – Азиялык өлкөлөр арасында тынчтык байланыштарын чыңдоо, экономикалык жактан бири-бири үчүн пайдалуу кызматташтык орнотуу, коопсуздук жаатында өз ара ишенгидей мамиле, кеңири маданий байланыштарды орнотуу.
Лондондо жайгашкан Падышалык Бириккен кызматтар институтунун эксперти Александер Нэйл Кытайдын президенти жана премьери өз өлкөсү жөнүндөгү эл аралык пикирди өзгөртүү аракетин көрүп жатканын айтат. Нэйлдин пикиринде, президент Ху жана премьер Жибао Кытайды дүйнөлүк деңгээлде өтө жооптуу өнөктөш катары көрсөтүүгө, өзүлөрүн коомдук дипломатияда дасыккан чеберлер атка кондуруу аракетинде. Кытайдын кызыл желекти желбиретип ач кыйкырык салган жетекчилери артта калды, - дейт Лондондук эксперт.
- Азыр Кытай абдан шыктанып турган кез, анткени экономикалык өсүш жыл сайын 9%ды түзгөнү оңой эмес, менимче, мындан ары бул көрсөткүч бир аз азаят, бирок экономикасы 7%га өсүп турган кезде да дагы беш жылдан кийин Кытай дүйнөлүк базардагы өтө олуттуу өнөктөш болуп чыга келет.
Ошентсе да, аналитиктердин айтымында, Кытайдын саясий бюро, же политбюро башкарган эски саясий системасы өзгөрмөйүнчө өлкөнүн жалпы өнүгүүсү кечеңдей бериши ыктымал. Дале да болсо Кытайдагы баары кыңк этпей бир партияга баш ийген саясий система, абдан бюрократташкан жетекчилик арасындагы ички араздашуулар - эң көп калктуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарды эл аралык кызыкчылыктар менен бирдей караштыра билүүсүнө жол бербейт, - дешет серепчилер.