Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

КООМДУК ДИПЛОМАТИЯ АКШнын АБРОЮН КӨТӨРҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ


Бейшемби күнү конгрессте АКШнын коомдук дипломатия кеңсесинин башчысы отчет берди. Бул кызматка үч ай мурда дайындалган Карен Хьюс дүйнө жүзүндө, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө Вашингтондун беделин бекемдеп, аброюн ашыруу багытында коомдук дипломатия мамлекеттик департамент менен бирдикте бир катар маанилүү кадамдарды жасаганын белгиледи. Ал ошондой эле администрациянын Ирактагы саясатын жактады.

Коомдук дипломатия кеңсеси, Карен Хьюстун айтымында, тыш дүйнөдө АКШнын жакшы атын ашыра тургудай саясат түзгөнгө жигердүү жардамдашып жатат. Палестин бийликтери менен түзүлгөн өнөктөштүктөн тартып куш тумоосуна, Пакистандагы зилзалага, Гватемаладагы суу ташкынга чейинки иштерде АКШнын кадамдары коомдук дипломатиянын кол кабышы аркылуу аныкталды, деп айтты Хьюс.

Хьюс мурда президент Буштун жардамчысы болуп иштеген. Азыр ал 700 миллион доллар суммасындагы бюджети бар коомдук дипломатия мекемесин башкарат. Бу кеңсенин мааниси Ооганстандагы жана Ирактагы согуштардан кийин абдан күчөдү. Хьюстун кеңсеси ырасмий дипломатияга катарлаш дүйнө жүзүндө, айрыкча мусулман өлкөлөрүндө коомдук уюмдар, атүгүл бийлик органдары менен ар түрдүү чөйрөдө, өзгөчө гуманитардык тармактарда кызматташып, бир катар долбоорлорду, пландарды жүзөгө ашырат. Алдыдагы күндөрдө Хьюс жоон топ делегацияны жетектеп Пакистанга барып, зилзаладан жабыр тарткандар үчүн адиепул чогултканга катышат. Мындай кадамдардын баары ар кайсы өлкөлөрдөгү карапайым калктын, жалпы коомчулуктун америкалыктар жөнүндөгү ой-пикирин өзгөрткөнгө өбөлгө түзөт.

Бирок демократтардын өкүлү, конгрессмен Барбара Ли Вашингтондун ырасмий саясатында айрым багыттар өзгөрмөйүнчө коомдук дипломатия америкалыктардын дүйнөдөгү авторитетин жогорулатарына ишене албай турганын айтты. “Менин ишенимимде, Буштун администрациясы жүргүзүп жаткан саясаттын өзү америкалыктардын беделине байланышкан проблеманы жаратты, анткени АКШнын тышкы саясатынан азыр жалпы дүйнө сыртта кала албайт”, - деп айтты Ли. Анын айтымында, Буштун администрациясы Иракка кандай жүйөөдөн согуш ачканын түшүндүрүүдө ачык жана чынчыл болууга тийиш. Буга кошумчалап Ли Абу-Грейб түрмөсүндөгү айыш-ашреттер АКШнын бейне-беделине көө жапкан осолдук болгонун белгиледи.

Хьюс Ирактагы операцияны жалпысынан актап, коркунучтуу диктатор бийликтен кулатылганын, ал эми Абу-Грейбде негизинен кооптуу элементтер кармалып турганын, аларга Женева конвенциясына ылайык мамиле жасалып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Хьюс америкалык аскерилердин осолдук иштерге барганын да моюнга алды. Хьюстун баасында, Абу-Грейбдеги жоболоңдун баары кылмыштуу иш болгону талашсыз, анын күнөөкөрлөрү жазаланды. Муну администрация жашырган жери жок, америкалыктар үчүн ушул маанилүү.

Республикачыл партиянын өкүлү, конгрессмен Хенри Хайт болсо администрация чет элдик аудиториянын көңүлүн алганга караганда ички саясаттын ыраатына көбүрөөк маани бергени жөн деп билдирди. Анын айтымында, ички саясат ынанымдуу болушу керек, куру наасат айтып калктын кадырына кириш кыйын, мунун ордуна айткан сөз менен жасаган иштин ажырымы болбогудай кылып саясат жүргүзүү керек.

Конгресстеги экинчи бир талкуу-таңаш маалында америкалык абройлуу социологиялык борбор дүйнөдө, асыресе, мусулман өлкөлөрүндө антиамериканизм маанайы мурдагыдай эле өсүп жатканын ырастады. Болгону террорчулардын кыянатына кабылган айрым бир жерлерде, айталы, Марокко, Индонезия өңдүү өлкөлөрдө гана мындай маанайдын мизи биртке мокой баштады.

XS
SM
MD
LG