Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

ПРАГАДА БЕЛГИЛҮҮ САЯСАТЧЫЛАРДЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 10-11-ноябрда Прага шаарында атактуу саясатчылардын эки күндүк конференциясы болуп өттү. Жыйынга негизинен мурдагы мамлекет жетекчилери катышты жана алар Чыгыш Европа мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан реформалар жана алар алдында пайда болгон маселелерди талкуулады.

Прагадагы жыйынга АКШ менен Чехиянын мурдагы президенттери Билл Клинтон менен Вацлав Гавел, Франция менен Канаданын мурдагы премьер-министрлери Лионел Жоспен менен Ким Кэмпбел жана башка саясатчылар чогулду. Алар негизинен Чыгыш Европа мамлекеттериндеги демократиялык реформалар жана алардын дүйнөлүк саясатка толук кандуу кошулуу маселелерин талкуулады.

Акыркы үч-төрт жылда Чыгыш Европада бир нече баркыт ыңкылап болгондуктан, Украина менен Грузиядагы абал тууралуу көп сөз болду жана Беларустагы диктатураны кантип жумшартуу маселеси боюнча да кызуу талкуу орун алды. Конференцияга катышкан белгилүү америкалык миллиардер Жорж Соростун айтымында, Украинада ишке ашкан ыңкылаптан кийинки абалдан аны уюштурган демократ-реформачылар толук пайда таба алган жок:

- Революция демократияны жаратпайт, ал жөн гана демократиялык өнүгүү үчүн жол ачат. Украинада болсо ыңкылаптан кийин сот системасы адилет нукка түшүшү менен мыйзамдын башкаруучулугуна жол берилген жок. Андай системалар бир күндө өзгөрүп кете албайт. Ошол себептен Украина ыңкылабы тоскоолдуктарга такалды.

Америкалык миллиардер жана саясатчынын пикиринде, Европада жалгыз калган диктатура - Беларуста жакын арада ыңкылап болот деп үмүттөнбөш керек:

- Беларуска Орусиянын таасири өтө күчтүү жана андан абдан көп кыйынчылыктар пайда болууда. Бирок Орусиянын таасиринен да Беларуста өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деп күтсө болот, - деп билдирди Сорос.

Конференцияга катышкандардын пикиринде, Чыгыш жана Борбордук Европада болуп жаткан өзгөрүүлөр бүткүл дүйнө үчүн сабак болууга тийиш.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG