Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

ОРУС ТИЛИНЕН РАСМИЙ ТИЛ МАКАМЫН АЛЫП САЛУУГА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАШКА УЛУТТАР КАНДАЙ КАРАЙТ?


Азиза Турдуева, Бишкек Жакынкы күндөрү Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор элдин талкуусуна коюлат. Өлкөдөгү бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар баш мыйзамдан орус тилине берилген расмий макамды алып салуу маселесин көтөрүшүүдө. Буга Кыргызстандагы башка улуттардын өкүлдөрү кандай карашат?

Кыргызстанда 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн улуттук-маданий борборлорун түзгөн жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышып келишет. Алар өлкөдө жүргүзүлө турган конституциялык реформага да кайдыгер көз карашта эмес. Ал эми баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр менен толуктоолордун ичинен эң орчундууларынын бири мамлекеттик тилге байланыштуу болмокчу. Өткөн аптада бир катар бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялар элдик жыйын өткөрүп, Кыргызстан элине жана президентке кайрылуу жолдошкон. Кайрылуу ээлери баш мыйзамга кыргыз тили гана мамлекеттик тил катары бекитилсин, деген талап коюшту.

Ал эми Кыргызстандагы башка улуттардын өкүлдөрү баш мыйзамга мамлекеттик тил катары кыргыз тилин бекитип, орус тилинен расмий тил статусун алып салуу маселесине кандай карашат?

Бул маселе боюнча Кыргызстандагы түрк диаспорасынын өкүлү Гулкыз Гасанова мындай пикирде:

- Орус тилинин расмий статусу сакталып калышы керек. Мурдагы союздун элдеринин баары негизинен орус тилинде өз ара сүйлөшүшөт. Эгерде орус тилинен расмий статус алынып калса, бул катачылык болуп калат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө орус тилинен расмий статусун алып салуу маселеси бышып жетиле элек.

Ал эми азербайжандардын улуттук-маданий борборунун жетекчисинин орун басары Асад Гасанов мындай дейт:

- Азыр көпчүлүк республикаларда орус тили расмий тил катары конституциялык мыйзам менен бекитилди. Менин пикиримде, орус тилине расмий статус берүү керек. Анткени, бул тил Кыргызстанда жашаган көптөгөн башка улуттардын ортосундагы ынтымакты бекемдейт, достук мамилелерди бышыктайт. Бирок мектеп, жогорку окуу жайларда кыргыз тилинде окутууну көбөйтүү керек. Карап көрсөң, көпчүлүк кыргыз жаштары орусча сүйлөгөнгө аракет кылышат. Анысы мейли, бирок өз эне тилин да билиши керек да.

Айрым башка улуттардын өкүлдөрү орус тилинен расмий статусту алып салуу Кыргызстандын экономикалык абалына таасирин тийгизиши мүмкүн деген пикирде. Буга байланыштуу Кыргызстандагы татар диаспорасынын өкүлү Гульсина Ульмасхулова мындай дейт:

- Эгерде кырыгзадар оруст тили керек эмес деп эсептешсе да, алар өлкөнүн өнүгүшу тууралуу ойлошу керек . Орус тили жок болсо, бул жерге инвесторлор да келбейт. Орус тили Кыргызстанга маданиятты, билимди алып келди, орус тилисиз биздин балдар кай жакка барышат? Кайсы жерде окушат? Менин пикиримде, орус тилине мамлекеттик статусту ыйгарып койсо да болот.

Ал эми Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» улуттук борборунун жетекчиси Розумухаммат Абдулхакимов тескерисинче, орус тилинен расмий статусту алып салып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө шарттарды түзүү керек деген көз карашта:

- Менин пикиримде, орус тилинен расмий статусту алып салуу керек. Конституцияда бир гана кыргыз тили мамлекеттик тил катары белгилениши керек. Анткени, ансыз кыргыз тили өнүкпөйт. Эмне үчң башкар улуттар кыргыз тилинде сүйлөшпөй, орус тилинде сүйлөшүшү керек? Алар да кыргыз тилинде сүйлөшү керек. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.

XS
SM
MD
LG