Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Aйжан Шаботоева, Бишкек; Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната; Сабыр Абдумомунов, Баткен Бул жумада ордо калаабызда Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жана кыргыз кинематографистер союзунун демилгеси менен казак киножумалыгы өттү. “Саймалуу таштар” фольклордук этнографиялык ансамбли кайрымдуулук концертин уюштурушту. Белгилүү акын Жолдошбай Абдыкалыковдун 70 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Бул аптада Бишкекте казак кино жумалыгы өткөрүлдү. Ага Казакстандын белгилүү кинорежиссеру, казак эл жазуучусу Сатыбалды Нарымбетов келди. Киножумалык бейшемби күнү аталган режиссердун колунан жаралган “Лейланын сыйынуусу” аттуу тасма менен ачылды. Бул фильмде Казакстандын ядролук куралдарын сыноо борбору - Семипалатинск облусунда жайгашкан айылдардын бириндеги жашоо-турмуш, 60-жылдардагы секелек кыздын дүйнөгө болгон көз карашы чагылдырылган.

Кино бүткөн соң көрүүчүлөр Сатыбалды Нарымбетов менен көрсөтүлгөн тасма жана анын чыгармачылыгы туурасында баарлашышты. Негизинен Сатыбалды мырза кыргыз операторлору менен иштешкенди жакшы көрөт экен. Буга чейин “Жаш кыякчынын өмүр баяны” фильмин Хасан Кыдыралиев, “Лейланын сыйынуусу” тасмасын Сапар Койчуманов жана казак оператору Аскар Утеулинов менен биргеликте тарткан. Режиссердун айтымында, жакында дагы бир жаңы “Мустафа” аттуу тасма тартылып, анда башкы ролду Азиз Бейшеналиев ойномокчу.

***

Бейшембиде “Аларча” көрүстөнүндө Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, маркум Байдылда Сарногоевдин эстелиги коюлду. Анын ачылышына акындын жакындары, калемдештери, маданият ишмерлери келишти.
Ал эми жума күнү белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер маркум Жолдошбай Абдыкалыковдун 70 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси өттү. Бул кечеде акындын чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү. Акындын балдарынын жана жазуучулар союзунун демилгеси менен эки жылда бир берилүүчү Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлык белгиленип, бул жолу аталган сыйлыкка жаш акын Мирлан Самыйкожо уулу таттыктуу болду.

***

Шейшембиде обончу, ырчылардан турган “Саймалуу таштар” фольклордук этнографиялык ансамбли тажик өнөрпоздору менен Бишкектин тургундарына кайрымдуулук концертин беришти.
Аталган ансамблдин өлкө тынчтыгы үчүн атайын уюштурулган концерти Балыкчы жана Чолпоната шаарларында да өттү. Бирок Чолпонатанын “Чолпон” театрында артистер 3 саатка чейин концертин баштай албай бушайман болушту. Анткени имаратта электр жарыгы өчүрүлүп салынган экен. Ал туурасында топтун ырчысы Каныкей Раймалиева төмөндөгүлөргө токтолду.

- Келсек свет жок экен. Афишаларын бир ай мурда эле бергенбиз, бирок илинбептир. Кайрымдуулук концерт болгон соң жөн эле уюштуруп беришсе болмок. Үч сааттан бери күтүп олтурабыз же жетекчилери келишкен жок. Эл дагы, биз дагы нааразы болуп жатабыз.

Өнөрпоздор 3 саат бою Чолпоната шаар башчыларынан жооп ала алышбай, акыры “Көгүлтүр Ысыккөл" эс алуу жайында концерт беришти. "Саймалуу таштар" фольклордук этнографиялык тобунун бул кайрымдуулук концертин “Сорос” фондусу менен Швейцариянын кызматташтык бюросу каржылаган.

***

Баткенде адам аткезчилиги чагылдырылган “Тозок” спектакли көрсөтүлдү. Оюнду койгон Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театры мындай кыдырууну, Миграция боюнча эл аралык уюму менен бирдикте жүргүзүп жатышат. Акциянын негизги бөлүгүн түзгөн «Тозок» спектакли, белгилүү драматург Женишгүл Өзүбекованын пьесасы боюнча койулуп, бул долбоорду ЮСАИД уюму каржылоодо. Оюнга музыкалаштырган Ош кыргыз драма театрынын үн режиссеру Мира Алимова өз сөзүндө, кыргыз жаштары байлык бакыт издеп, кулга айланып баратат дейт:

- Азыр коомубузда жаш кыз-уландарыбыз чет мамлекеттерге байлык, бакыт издешип, айрымдары бөтөн жерде кулга айланып калганы жашыруун эмес. Бул пьеса Кыргызстандан башка мамлекеттерге барып иштеп келген улан-кыздардын айткандары боюнча жазылган.
XS
SM
MD
LG