Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

ДИНИЙ ЭРКИНДИКТИН АБАЛЫ


Вашингтондо мамлекеттик департамент дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалына арналган кезектеги докладын жарыялады. Документте 197 өлкөдөгү жагдай талдоого алынып, өзгөчө Ирандагы кырдаалга басым жасалат. Борборазиядан Өзбекстан менен Түркмөнстан диний эркиндиктин нормалары кепилденбеген өлкөлөрдүн катарында аталып, ошол эле учурда айрым жылыштар байкалып жатканы да белгиленет.

Докладдын мазмуну тааныштырып жатып, мамлекеттик катчы Кондализа Райс катуу камтамага салган сегиз өлкө документте өзгөчө бөлүп көрсөтүлгөнүн белгиледи. Алар – Мьянма, Кытай, Түндүк Корея, Эритерия, Иран,Сауд Аравиясы, Судан жана Вьетнам. Отчеттук мезгил ичинде бул өлкөлөрдө диний эркиндикти же бийликтер өздөрү чектешти же аны атайылап көз жумдулукка салышты. Вашингтон, Райстын айтымында, бул абалды оңдоого сөзсүз аракет жасайт.

Документте Иран өкмөтү диний азчылыктардын укуктарын айрыкча басмырлап жатканы айтылат. Өлкөдө сүннү мусулмандарын, бахаилерди, жөөттөрдү жана христиандарды диний ишенимдери үчүн түрмөгө салып, куугунтукка алган практика токтой элек. Буга байланыштуу Канада да Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын адам укуктары боюнча комитетине Иранды сынга алган резолюциянын долбоорун киргизди. Мындан тышкары быйыл майда дүйнөлүк диний эркиндиктер боюнча америкалык комиссия Пакистанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды өзгөчө санааркаткан өлкөлөргө кошууну сунуш кылган эле. Бирок мамлекеттик департамент муну азырынча эп көргөн жок. Деген менен департаменттин диний эркиндиктер бөлүмүнүн башчысы Жон Ханфорд Өзбекстанда мусулмандар менен христиандардын укуктары бирдей кепилденбегени аз келгенсип, дегеле дин дегенге бийликтер жүнү тетири айланып мамиле жасарын ырастады. Миңдеген иштерде бийликтер диндарларды тыюу салынган саясий уюмдарга мүчө болуп, терроризмге кол кабыш кылган деп айыпташты. Өкмөт ошондой эле диний эркиндиктерди басканы экстремисттик топторду шылтоо кылып алды, деп айтты ал.

Укук коргоочулар сентябрда Түркмөнстандагы абалды кең-кесири баяндап, аны да диний эркиндиктердин эл аралык нормалары одоно бузулган өлкөлөргө кошууну мамлекеттик департаментке сунуш кылышкан эле. Мамдепартамент Түркмөнстанды мактаган жок, бирок айрым жылыштар болгонун белгиледи. Атап айтканда, Түркмөнстанда диний эркиндик нормалары олуттуу бузулган учурлар сакталып калды, ошол эле учурда мыйзам процедураларын жана диний топторду каттоо ишин жөнөкөйлөткөн аракеттер байкалды. Жаңы мыйзамдан диний ишмердикти кылмыш деп караган нормалар алынды, диний жүйөөдөн улам камалгандардын баары түрмөдөн бошотулду, деп айтты Ханфорд.

Мамдепартаменттин мындай баасы конгресстин Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Кристофер Смитти бушайман кылды. Эмдиги аптада бул маселени ал конгресстин кичикомитетинде талкууга салганы жатат.

Мамдепартменттин докладында экс-совет республикаларынан Грузия диний эркиндиктер чөйрөсүндө прогресске жетишкени, ал эми Россияда, Азербайжанда жана Белоруссияда абал жакшыра электиги белгиленет.

XS
SM
MD
LG