Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

ИРАКТЫК АЯЛ ИОРДАНИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРГА КАТЫШКАНЫН МОЮНГА АЛДЫ


Иорданиянын телеканалдары өткөн аптада Аммандагы мейманканаларда болгон жардырууларга катышканын моюнга алган ирактык аялды көргөзүштү. 3 эл аралык мейманкананы канга боегон ал жардыруулардан 57 киши мерт болуп, дагы 100дөй адам жараат алган. Ирактык Сажида ал-Ришави күйөөсү “Рэдиссон” отелинде өзүн өзү жардырганын, анын колундагы бомба негедир жарылбай калганын айтып берди.

Иорданиялык телеканалдар көрсөткөн берүүдө Сажида ал-Ришави белине зыянсыздандырылган бомба байланган боюнча 9-ноябрда Аммандагы эл аралык мейманканаларды титиреткен жардырууларга катышканын айтып жатты:

- 5-ноябрь күнү күйөөм экөөбүз жасалма паспорттор менен Иорданияга келдик. Өз ысымдарыбызды өзгөртүп алып, бир ак машинеге түшүп келдик. Жардырууларды менин күйөөм уюштурду.

Ирактын Иордания менен чектеш Акбар провинциясынын Рамади шаарында жашаган 35 жаштагы Сажида кандай шарттарда кармалып, күнөөсүн моюнга алганы маалымдалган жок. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Сажида ал-Ришави – “ал-Каида” уюмунун Ирактагы көзүрү – Абу Мусаб аз-Заркавинин мурдагы аскердик жардамчысы – лейтенант Самир Мубарак ал-Ришавинин бир тууган сиңдиси. Сажида күйөөсү өзүн өзү жардырганын өз көзү менен көрүп турганын баяндады:

- Иорданияда биз бир батирди ижарага алып турдук. Күйөөм бомба орнотулган курдун бирин өзү тагынып, экинчисин мага асты. Ага чейин ал мага бомбаны жардырууну үйрөттү. Машине жалдап алып “Рэдиссон” мейманканасына бардык. Ал жерде үйлөнүү тою өтүп жаткан экен, күйөөм бир бурчта, мен экинчи бурчта турдук. Ал белиндеги бомбаны жардырганда элдин баары качып чыга баштады. Менин бомбам жарылбай койгондуктан, мен да эл менен кошо сыртка жүгүрүп чыктым.

Сажиданын айткандары Иорданиянын бийликтеринин ал жардыруулар жөнүндө мурда билдиргендерин тастыктады. Бийликтегилер жардырууларды “ал-Каиданын” Ирактагы тарапкерлери аткарды деп жарыялашкан.

Иорданиянын падышасы Абдалла жекшембиде кабарчыларга ал-каидачылар Сажида Ал-Ришави өлдү деп ойлоп алышкан, ал тирүү экен, - деп маалымдады.

- Мен жаңы эле коопсуздук кызматынан алган маалыматка караганда, алар төртүнчү жанкечтини колго түшүрүштү. Бул аял өзүн өзү жардырмак экен, бирок ал максат ишке ашпай калган. Ал күйөөсү менен кошо карасанатай ишке бел байлап, бирок кудай жалгап аны жүзөгө ашыра албай калган. Азыр ал абакта.

Мейманканалардагы кайгылуу окуялар иордан элин бириктиргендей болду, жекшембиде үйлөнүү тоюна кийилчү узун, бирок кара көйнөк кийген аялдар Амманда тынч жүрүш өткөрүштү. Иордания – АКШнын чөлкөмдөгү ишеничтүү өнөктөштөрүнүн бири, өлкө аймагы аркылуу Америка далай жүктөр менен кербендерди Иракка жөнөтүүдө. Андын тышкары иордан аскерлери Ооганстандагы бейпилдик операцияларына катышкан.

Сүрөттө: Жардыруу болгон мейманканалардын бирөөсү (AFP)
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG