Путин ырас эле Конституцияны ыйык тутуп, үчүнчү мөөнөт президент болбойбу? Кырктын кырындагы, дымактуу, сымбаттуу жана либералдуу көз караштагы Дмитрий Медведев мураскерликке тандалабы? Же Путин оболу Федералдык коопсуздук кызматын, андан соң Коргоо министрлигин жетектеп, эми вице-премьердин портфелин алган Сергей Ивановго ишеним артабы?
Владимир Путин дүйшөмбү күнү жүргүзгөн өкмөттөгү дайындоолор акыркы беш жылда болуп көрбөгөндөй саясый күбүр-шыбырды жаратты. Путин болсо, божомол сөзгө орун калтырбай, Медведевдин жаңы вазийпасын даана чектеп айткан эле:
- Мен башында эле негизги иштерди Орусия Федерациясынын өкмөтү аткарыш керек экенин айткам. Ошон үчүн, премьер-министрдин сунушуна ынандым жана Дмитрий Алексеевич Медведев өкмөткө, биринчи вице-премьерлик кызматка жылдырылды.
Дмитрий Медведев президенттин администрация башчылыгына удаа килейген “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешининин төрагасы да эле. Андыктан ал отун энергия секторун жакшы билет жана ишкерлер чөйрөсүндө мыкты администратор жана жаңычыл жетекчи катары таанымал.
Москвадагы Карнеги фондунун саясый талдоочусу Николай Петровдун айтымында, Медведев өкмөткө жакшы мезгилде кошулду:
- Буга дейре Улуттук долбоорлорду жана өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөн Медведевдин ырасмий вазийпасы дагы жогорулайт. Өкмөт алдында бир кыйла жагымдуу иштерди бажаруу милдети тургандыктан, эми ал коомчулукка мурдакыдан көп көрүнүп, дагы таанылат. Себеби, бардык осол саналган иштер жана реформалар токтотулган же кийинге калтырылган.
Көпчүлүк талдоочулардын айтышынча, жаңы эки орун басардын пайда болушу менен премьер-министр Михайил Фрадковдун таасири азайды. Маалыматтарга караганда, Медведев өкмөттө саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш жана айыл чарба жаатындагы жалпы улуттук долбоорлорду жетектейт. Бул тармактарды өнүктүрүү зарылдыгын Путин соңку айларда дембе-дем кайталап айтып жүргөн.
Сергей Ивановдун вице-премьерликке катар коргоо министринин портфелин сактап калышы, байкоочулардын айтымында, анын армияны башкаруудагы салыштырмалуу ийгилигине байланаштуу. Ошон үчүн ага, Путин айткандай, армияны жана күч органдарынын ишин координациялоо милдети жүктөлдү.
Орусиянын Коомдук саясат борборунун башкы талдоочусу Святослав Каспенин баамында, жаңы дайындоолор Путиндин мураскердиги үчүн жарышка түшчү адамдар кимдер болорун көрсөттү:
- Бул адамдар Путиндин командасында экени узактан бери эл ичинде белгилүү болчу. Алар Путиндин чыныгы мураскерлеринин тизмесинде экени да айтылып жүргөн. Ошон үчүн, алардын жаңы кызматка дайындалышын мураскерлерди тандоо өнөктүгүнүн жаңы айлампасы башталды деп бааласа болот.
Орусиядагы келерки президенттик шайлоо 2008-жылы болот. Албетте, ага чейин саясатта дагы көп күтүүсүз окуялар болушу мүмкүн. Анткен менен, Батыштык жана орусиялык талдоочулар президент Путиндин ар бир кадамына кылдат көз салып турушат.