10-ноябрь күнү «Улуу биримдик», «Ашар» жана «Асаба» партиялары өткөргөн курултайда Конституциянын 5-беренесинен орус тилин расмий тил катары таануу мыйзамын алып салуу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бул маселеге айрым бир уюмдар жана басылмалар нааразачылыгын билдире башташты. «РОСС» деп аталган бирикме 15-ноябрь күнү президентке кайрылуу жолдоп, орус тилинен расмий тил статусун алып салуу тууралуу сөз козгоп чыккандарга улуттардын ортосуна от жаккандар катары чара көрүүгө чакырган. Кайрылууда ошондой эле орус тилине көрсөтүлүп жаткан кысым, орус тилдүү элдерге да көрсөтүлгөн кысым катары кабыл алынаары тууралуу айтылган.
Буга маанилеш маалымат жыйынын 16-ноябрь күнү «Белый параход» гезитинин журналисттер жамааты өткөрүштү. Жыйында орус тилинен расмий тил макамын алып салуу тууралуу маселе саясий упай топтоону көздөгөн бир ууч улутчулдардын куру кыйкырыгы, деген ойлор айтылды. Басылманын башкы редактору Аркадий Гладилов президент да, коомчулук да буга жол бербеши керек деген пикирин билдирди:
- Орус тилинин расмий тил экендиги тууралуу Конституцияда жазылып турат. Ал эми өзгөртүү кирип жаткан Конституциянын долбоору даярдалып бүтө элек. Бирок ошентсе да биз, коомчулук баарына даяр турушубуз керек жана орус тилинен расмий тил макамын алып салууга жол бербөөгө тийишпиз. Анткени, биздин өлкөдө күтүлбөгөн окуялар көп болот.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы берилген. Көп өтпөй, Союз ыдырап, Кыргызстандын аймагынан көп сандагы орус тилдүү элдер тарыхый мекенине көчүп кете башташкан. Маалымат жыйынынын катышуучулары алар тилдик дискриминациянын натыйжасында Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушкан деген ойду билдиришти.
Журналист Азамат Тынаевдин айтымында, орус тилинен расмий тил макамын алып салуу Кыргызстанды саясий-экономикалык кыйынчылыктарга алып келет:
-Баарыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек. Бул жеке эле кыргыздардын келечеги эмес. Кыргыз Республикасы илгертен эле көп улуттуу мамлекет болуп келген. Эгер баары кетип, кыргыздар жалгыз эле калып калсак, биринчи иретте өзүбүзгө зыян болот.
Дагы бир журналист Елена Авдееванын айтымында, орус тилинен расмий тил макамын алып салуу тууралуу маселенин өзү коомчулуктун кооптонуусун жаратып жатат:
-«Орус тилинен расмий макамды алып салабыз» деген сөздүн өзү эле орус тилдүү элдердин кооптонуусун туудуруп жатат. Ансыз деле биз ар кандай ыңкылапчыл кыймылдардын аракеттеринен коркуп калдык. Ошондуктан дагы эмне болуп кетет деген коркунуч болууда. Менин оюмча, бул аябай эле кооптуу маселе эмес, бирок анын чоңоюп кетүүсүнүн алдын алганыбыз жакшы болот.
Орус тилин расмий тил катары Башмыйзамдан алып салуу тууралуу талап, анын андан ары жашоосуна жана өнүгүүсүнө бут тосуу максатында эмес, жок болуп кетүү коркунучунда турган кыргыз тилин сактап калуу максатында коюлган. Мындай пикирин «Улуу биримдик» улутчул кыймылынын жетекчиси Эмил Каптагаев билдирди:
- Бул саясий кызыл кулактык. Анткени мамлекеттик тилдин макамы жалгыз болуш керек деген - коомдогу орус тилин алып салуу керек деген сөз эмес. Орус тилинин коомдогу ролу калышы керек, күчөшү керек, орус тилин үйрөнүү мурдагыдай улана берүүсү керек. Бирок мамлекеттик тил макамына экинчи тил - орус тилин жабыштырып коюу мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кыскартып, расмий тилде жазып атам, расмий тилде сүйлөп атам деген шылтоого жол ачып, кыргыз тилин эптеп-септеп бутуна туруп келе жаткан мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат.