Мамлекеттик телеканалдарды коомдук форматта реформалоо долбоору Медиа өкүлчүлүк мекемеси тарабынан иштелип чыгып, учурда башка варианттар менен биргеликте Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Шамарал Майчиевдин сөзүнө караганда, алгач биринчи Улуттук телеканалга атаандаш катары Ош шаарындагы “Ош-3000” телекомпаниясын ЭлТР деп атын өзгөртүү менен коомдук телеберүүдөгү форматка өткөрүү боюнча иш чаралары жүргүзүлүп жатат. Шамарал Майчиев коомдук телеберүү форматында реформалоого муктаж болгон телеканалды каржылоо жана башкаруу маселелери боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:
- ЭлТР деп атап, анан мүмкүн бир канал берет. Ошону бергенден кийин долбоорду каралгандай өкмөттүн акчасына кайрылышы мүмкүн. Mен көргөн документте ошондой эле совет болот, ошол совет генералдык деректирди шайлайт.
Медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Шамарал Майчиев коомдук телеберүү форматында иштеп жатышкан бир катар чет элдик телеканалдардын тажрыйбалары менен тааныштырды. Анын пикиринде, телеканал коомдун чыныгы кызыкчылыктарын чагылдырыш үчүн байкоочу кеңеш тарабынан көзөмөлгө алынып турган көз карандысыз программалык саясатка ээ болушу керек:
- Программалык саясат журналисттерди коргойт өз жетекчилеринен. Ошондуктан бирдик программалык саясат болсо журналист да, жетекчи да билет кайсы программаны коюшу мүмкүн жана кандай чыгаруу керектигин.
Ал эми “Ош-3000” мамлекеттик телеканалынын атайын өкүлү Токтобай Мүлкүбатов учурда телекомпаниянын техникалык жана кесиптик даярдыгы коомдук телеберүүнүн талаптарына жооп бербестигин айтуу менен бул боюнча түгөл системаны реформалоо зарылдыгын белгилеп өттү:
- “Ош-3000дин” базасы начар КТРге караганда жана кызматкерлердин деңгээли да ылдыйраак. Ушуну ордуна келтирүү үчүн биз уставын даярдадык. Эми мыйзамдын кабыл алышын күтүп атабыз.
Коомдук телеберүү долбоорунун бетачарына катышкан журналисттердин көпчүлүгү аталган долбоордун толук мазмуну саясатчыларга, биринчи кезекте парламент мүчөлөрүнө жакпай калышы мүмкүн деген ойлорун ортого салышты:
- Коомдук берүүнүн тушоо кесүү аземине күбө болдук. Эми чыныгы элдик теле болууга биздин менталитет жооп бере алат. Биздин менталитеттин кызыкчылыгы, көздөөчү багыты ошолор менен дал келеби, кеп ушунда турат. Азыр долбоор Кудай буюруп ишке ашып калса көрөбүз, бирок көп тоскоолдуктар болот. Тоскоолдуктар көрүнүп турат, – дейт журналист Ризван Исмаилова.
Коомдук телеберүү форматында мамлекеттик телеканаладарды реформалоо долбоорунун демилгечилери учурда бардыгы даярдалып, парламенттин колдоосу жана президенттин бекитүүсү гана калгандыгын билдиришти. Ал эми алардын айтымында, долбоорду парламентте кароо маселеси учурда белгисиз себептер менен кечиктирилип жатат.