Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

СУУ АСТЫНДАГЫ ЭҢ ТЕРЕҢ ГАЗ КУУРУ АЧЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва 17-ноябрда Орусиянын президенти бир күндүк иш сапары менен Түркияга келди. Ал жерде Путин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Италиянын премьери Сильвио Берлускони менен жолугушуп, «Көгүлтүр агым» деп аталган газ өткөргүч куурунун ырасмий ачылыш аземине катышты. Орусия, Түркия жана Италия биргелешип курган куур Сибирден Түркияга чейин Кара деңиздин түбү аркылуу табигый газды алып өтөт.

«Көгүлтүр агым» - акыркы жылдары Орусия чет мамлекеттер менен биргеликте ишке ашырган газ экспорттоого арналып жаткан эң ири долбоор. Ал жалпы эле дүйнөдөгү газ куурлардын ичинде суу астынан өткөрүлгөн эң терең куур деп да аталууда. Аны курууга орусиялык «Газпром» жана түркиялык «Боташ» компаниясынан сырткары италиялык «Эни» концерни да катышкан.

«Көгүлтүр агымдын» ырасмий ачылышы Путиндин Түркияга сапары учуруна туш келгени менен, ал 2003-жылдын февралынан бери эле иштеп келатат. Орус президентинин жардамчысы Сергей Приходьконун айтымында, ушул жылдын башынан тарта ал куур аркылуу 1,7 млрд.куб.метр жаратылыш газы Орусиядан Түркияга жөнөтүлдү. Ал эми 2010-жылы анын кубаттуулугу жылына 16 млрд.куб.метрге жогорулашы күтүлүп жатат, дейт Приходько.

Дал ушул ири долбоордун тушоосун кесүү үчүн бейшембиде үч мамлекеттин лидерлери Түркиянын Самсун шаарына чогулушту. Алар алгач Орусиядан келип жаткан газдын көлөмүн аныктоочу «Дурусу» станциясына келип, ал жердеги иш менен таанышышты.

Орусиянын «Газпром» компаниясынын башчысы Алексей Миллер президенттерге кантип көгүлтүр отун Орусиядан Түркияга келиши тууралуу айтып берди. Ал мында эң чоң утуш Орусиядан жөнөтүлгөн газ эч кайсыл мамлекет аркылуу эмес түз эле Түркияга келишинде болуп жатканын белгиледи.

Куурдун иши менен таанышып чыккандан кийин орус президенти Владимир Путин аны «Европанын бирдиктүү энергетикалык мейкиндигин түзүүгө жасалган дагы бир кадам», - деп атады. Анын ишениминде, «Көгүлтүр агымдын» жардамы менен Түркия Чыгыш менен Батыштагы энергия колдонуучулардын ортосундагы энерго-көпүрө болуп калмакчы. Путиндин айтымында, азыр Кара деңиздин түбү аркылуу газды эми Түштүк Италияга жана Израилге жеткирүү жагы да караштырылууда.

Ошентип, Владимир Путин чет-өлкөгө жасай турган бир канча күндүк сапарын Түркиядан баштады. Жума күнү ал Түштүк Кореяга барып, Азия-Тынч океан экономикалык кызматаштыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине да катышат. «Орусия Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө колушуу үчүн аталган уюмдун колдоосун алууга умтулат», - деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Василий Добровольский.

Андан ары, жекшембиде орус президентинин Жапонияга эки күндүк ырасмий сапары башталмакчы.

XS
SM
MD
LG