Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

ПАРЛАМЕНТ ЖАНА ОРУС ТИЛИ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында расмий колдонуудагы орус тилин Конституциянын 5-беренесинен алып салуу, парламентти таркатууга жетиштүү делген 300 миң кол топтолуп калганы талкуудан түшпөс темага айланууда. Конституцияга кезектеги өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору эл сынынан өтүп жаткан чакта эки демилгенин маани-мазмуну ошентип саясий өң-түс алып чыга келишти.

Акыйкатта да орус тилин расмий катнаш куралы катары колдонуудан чыгаруу жөнүндөгү сөз ириде кыргыздардын улуттук кызыкчылыгына кайчы келерин жума күнкү «Агым» гезитинде депутат К. Байболов айтып чыкты. «Менин оюмча, кыргызчадан башка бир да тил билбегендер өзүн-өзү изоляциялоого үндөгөн саясат жүргүзүп, кыргызды бир тилден башканы билбеген улутка айлантып, жардан ары түрткөн атышат. Бизди Кыргызстандын гана чегинен чыгалбай турган маңкурт улут кылгылары келишет», дейт депутат К. Байболов.

Тил маселеси тууралуу ушул эле гезитте парламенттин Эларалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Б. Бакетаевдин маеги да жарыяланган. Анда парламент аппаратында «таяке-тууган аркылуу келип алышып, чайналып жүргөндөр» көптүгү тууралуу кеп болот.

Кыргыз тили, элдин келечегине кам көрүү туурасында жума күнкү «Аалам» гезити биртоп материалдарды жарыялады. «Улуу биримдик», «Ашар», «Асаба» партияларынын курултайында айтылган Башмыйзамдын 5-беренесиндеги орус тилине расмий тил статусун аныктаган беренени алып салуу тууралуу демилгеси Аида Надырбекованын «Кыргыз тилин өнүктүрүүбү же?..» деген макаласында талдоого алынган. Автордун ырасташынча, курултайда айтылган сөз айрыкча «Аккеме» маалымат агенттигин чычалаткан белем, орус тилдүүлөр эми Кыргызстандан жапырт көчө баштайт деп чуу көтөрүп чыкты.

А. Акаевдин үй-бүлөсүнүн АКШнын аскер аба базасынын учактарына май куюуга бөлүнгөн акчасын кантип өздөрүнө алышканы, коррупциянын тамыры экс-президенттин өзүнөн башталганы Семетей Талас уулунун «Арты ачылган А. Акаев, өлүмүш болгон АКШ» деген макаласында баяндалган. А. Акаевдин күйөө баласы менен уулуна тиешелүү «Аалам сервис», «Манас сервис интернешнл» компанияларына төлөнүп берилген 207 миллион доллардын 2 миллиону гана салык катары төгүлгөн. Автордун ырасташынча, Пентагон А. Акаевдин үй-бүлөсүнө андан да көп акча төлөгөн.

2001-жылдын аягынан бери Кыргызстанда турган «Ганси» аскерий базасы тууралуу жума күнкү «Кыргыз руху» гезити да макала жарыялады. Журналист Миржамал Сатылганова кыргыз бийлиги «Манас» абамайданынын ижара акысын көтөрүү тууралуу сунушун АКШ бийлигине билдиргенин маалымдайт.

24-марттан бери Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы Назаркул Жоошбаевдин «Март ыңкылабынын күзү эмне берди?» деген макаласында баяндалган. Чоң сердымак менен келген жаңы бийликтин бюджетке кошумча 5 миллиард сом түшүрүү убадасынын ишке ашышы кыйын болуп калган белем, кийинки кездери чиновниктердин оозу бош чыгууда, деп бүтүм чыгарат макала автору.

Жума күнкү «Жаңы ордо» гезити Рысбек Акматбаевдин жактоочуларынын 10 миңден ашуун колу коюлган кайрылуусун жарыялады. Кат ээлери Кулов-Бакиев мунасасын кош бийлик катары сындап, анын жоюлушун, Ф. Кулов кызматтан кетишин талап кылган. Кат ээлери парламенттин таркатылышын да талап кылышкан.

«Бул жаңы парламентиң Топчубек Тургуналиев кол чогултуп убара болбосо деле өздөрү тарап кетчүдөй болуп калды. Бир айда ашса 10 күн иштешет экен, болбосо ал да жок», деп жазат 18-ноябрдагы «Аалам» гезитинде Курсант Байтуров.

Кылмыштуу чөйрөнүн өзүнчө жазылбаган мыйзамы бардыгы, анын жашап турушуна кызыкдар күчтөр бар экендиги «Жаңы ордо» гезитиндеги Марат Кайыповдун маегинде маалымдалган. Ушул эле тема бейшембидеги «Лица» гезитиндеги Жаза өтөө жайлар башкармалыгын жетекчиси Капар Мукеевдин «Рысбек менен Азиздин сөөк өчтү душмандыгы бар» деген маегинде да козголгон. «Биздин коомдо Рысбектен коркуу сезими бар. Анын биртоп себептери бар, кимдир-бирөөлөр коркушат, кимдир-бирөөлөр аны макташат», дейт К. Мукеев.
XS
SM
MD
LG