Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

ЭСКИ МЫЙЗАМДЫ ЭЧ КИМ ӨГӨЙЛӨБӨДҮ ЭЛЕ


«Сорос-Кыргызстан» фондунун, «Коррупциясыз келечек – Трансперенси Интернешнл Кыргызстан» уюмунун колдоосу менен президенттик акимчилик тарабынан даярдалган «Маалыматка жетүүнүн эркиндиги жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын катуу сынына туш болду. 20дан ашуун бейөкмөт уюмдар тараткан билдирүүдө жаңы мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын кызыкчылыгын гана коргоп, жарандардын маалымат алуу укугун кыйла чектээри айтылган.

1997-жылы маалымат алуунун эркиндиктери жана кепилдиктери тууралуу, ошондой эле журналисттердин кесиптик ишмердигин коргоого арналган эки мыйзам удаа кабыл алынган. Маалымат алуунун мамлекеттик кепилдиктерин ырастаган мыйзамдын алешемдиги тууралуу буга чейин эч жерде кеп болгон эмес.

Тек, А. Акаевдин президенттигинин соңку жылдарында Орусияны улай Кыргызстанда да маалымат коопсуздугу туурасында арбын айтылып, башында дурус дегидей ишке ашырыла баштаган либералдык баалуулуктардан бийлик баш тарта баштаган. Адам укугу боюнча кыргыз-америкалык бюронун жетекчиси Наталья Аблованын ырасташынча, А. Акаевдин тушунда коргонуу жана коопсуздук маселелерин тейлеп келген Б. Жанузаковдун жетекчилиги менен маалыматка жетүүнүн кепилдиктери тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалган.

- Мыйзам долбоорун даярдоочулардын биринчи тизмесине биртоп эле күмөндүү ысымдар, мисалы, Б. Жанузаков, мурдагы президенттик акимчиликтин кызматкерлери кирген. Сөзсүз, алар жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн чектөө аракетин көрүшкөн. Революцияга чейин аларды элдин активдүүлүгү чочулата баштаган. Бирок да азыр, Акаевден калган мыйзамдарды, Н. Танаев кол койгон токтомдорду кимдир бирөөлөр издеп таап чыгышып, биз эми ушул документтер менен иштешибизди каалап жатышат.

Ошондой учурунда кабыл алынбай калган мыйзам долбоору эми минтип элдик ыңкылаптын жарым жылдыгында талкууга коюлуп, парламентке сунушталганы турат. Президенттик акимчиликтин жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ мурда жазылган мыйзам долбоорун оңдоп-түзөбөстөн эле коомчулук талкуусуна алып чыгышты. Наталья Аблова жаңы мыйзам долбоорунда жок мыйзамдарга шилтеме берүүлөр кезигет дейт:

- Мыйзам адамдын конституциялык эркиндиктери менен укуктарын чектейт. Бул өзү өтөле көлөмдүү, оор, менимче, орусиялык мыйзамдан түздөн-түз көчүрүлгөн долбоор. Орусия го түшүнүктүү, баарын чектөөчү мыйзам кабыл алган. Биздикилер эмне үчүн Орусияны ээрчип алганы түшүнүксүз.

Наталья Аблова жаңы мыйзам долбоору арыз жазган жарандын эле укугун басмырлабастан чиновниктин да түйшүгүн көбөйтөт деген пикирде. Ушундай эле ойду «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова да билдирди:

- Иштеп жаткан мыйзам боюнча деле керектүү маалыматтарды алуу татаал. Керек болсо алалбай деле калып атабыз. Ал эми азыр сунушталып жаткан Болот Жанузаков иштеп чыккан деген мыйзам ансыз деле татаал мыйзамды огобетер татаалдаштырып коюуда. Ал жерде маалыматты сурап жаткан адам ошол жерде маалыматтын бар экендигин далилдеген фактылар менен, аргументтер менен кайрылыш керек. Эгерде андай далилдери болбосо маалыматты алууга таптакыр мүмкүнчүлүгү болбой калат.

Жаңы мыйзам долбоорунун 22-беренеси биртоп түкшүмөл суроолорду жаратууда. Анда маалымат алгысы келген жаран кайрылып аткан мамлекеттик органда ал издеген маалыматтын бар экендигин ырастап бериши керек. «Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков бул чиновниктин эркине жараша чечилчү маселе дейт.

- Бир үтүрүн калтырып койсо чиновниктин «бар нары!» деп айтышына бул мыйзам бардык шарттарын түзүп берип жатат. 1997-жылкы мыйзамдын гениалдуулугу жөнөкөйлүгүндө болчу, барасың – аласың.

Жаңы мыйзам долбоору «кызыккан тарап», «үчүнчү жактан берилген маалымат», «жеке мүнөздөгү маалымат – бул тирүү адамга тиешелүү маалымат» деген түшүндүрмөлөр менен шөкөттөлгөн. Мындай мыйзам кабыл алынып калса Кыргызстанда маалымат таңкыстыгы чыгып, кудум советтик кездегидей маалыматтын аздыгы сезилери турулуу иш, деп белгилешет бейөкмөт уюмдар кайрылуусунда.
XS
SM
MD
LG