Акыркы 10 жылда АКШ-Кытай алакасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мурда Америка жетекчилиги Бээжинге саясый жана идеологиялык маселелер тууралуу сүйлөшкөнү келишчү. Эки өлкө 2001-жылдын 11-сентябрындагы кыйракандан кийин террорчуллукка каршы чогуу күрөшө баштагандан бери, экономикага чоң маани берилип калды.
Италиянын “Ла Стампа” гезитинин Бээжиндеги кабарчысы Франческо Сисси АКШ-Кытай аралык байланышты мындайча мүнөздөйт:
– Ушу таптагы байланыш абдан көп тараптуу деп ойлойм. Экономика өтө маанилүү болгондуктан, аны четке калтырып болбой калды. 14 жыл мурда экономика маанисиз болгондуктан, ага көңүл бурбай койуу жеңил эле. Ал тушта саясый же ири геосаясый маселелер биринчи орунда турчу. Азыр глобализация жараяны жана дүйнөлүк экономикалык базардагы Кытайдын ролунун өсүшү менен идеологиялык проблемалар четтеп, күнүмдүк бизнес зарыл маселеге айланды.
Кытай бүгүн АКШнын үчүнчү чоң соода өнөгү. Кытай акыркы жылдары Американын баалуу кагаздарын көп сатып алып, Вашингтондун экинчи чоң кредиторуна айланган.
2004-жылы соодадагы баланс Кытайдын пайдасына болду: Өлкө Кошмо Штаттардан сатып алганга караганда, алты эсе көп товар сатты. Ушул жагдайлардан улам эки өлкөнүн бири-бирине болгон экономикалык көз карандылыгы чиелешип барат. Ошон үчүн, президент Буш Кытай жетекчилери менен юанды кайра баалоо, соодадагы абал дагы башка экономикалык проблемалар тууралуу сүйлөшөт деп күтүлүүдө.
Анткен менен, Лондондук эксперт Дункан Иннес-Кердин болжомунда, Вашингтонду Кытайдагы саясый жана диний эркиндиктин абалы кыжаалат кылып жүргөнүн танып болбойт:
- Саясый жактан алганда, АКШнын көз карашында, азыркы сапар учурунда эркиндиктин кайсы бир проблемасы, атап айтканда, диний эркиндикке өзгөчө басым жасалышы ыктымал деп ойлоймун.
Жорж Буш Кытайда диний эркиндик жок экенин Япония жана Түштүк Кореядагы сапары маалында эскерткени бар. Буш Кытайдагы визити кезинде чиркөөгө да баргандыктан, талдоочулар айткандай, диний эркиндик жөнүндө сөз кылганга жүйө табылат.
Иннес-Кердин сөзүнчө:
- Саясый талаш-тартыштар көбүнчө бир жак сүйлөп, экинчи жак тыңшап өтчүдөй болуп турат. Бул диалог эмес да. Экономикалык проблемалар эки ортодо конкреттүү диалог иретинде өтүп, сиздер тараптардын көз карашында оң жылыштарды байкайсыздар.
Кошмо Штаттардын өзүндө саясатчыларды Кытайдын аскерий кубатынын өсүп баратканына катуу тынчсыздандырууда. АКШ Конгресси өткөн жумада жарыяланган докладында Ак Үйдү Кытайдын мунайды керектөөсүнө жана армияны тез модеранизациялап жатканына көңүл бурууга чакырган.
АКШ бир нече жылдан бери Кытайга курал сатпайт. 1989-жылкы БээжиндинТянанмень аянтындагы демонстрация күч менен басылгандан кийин АКШ жана Европа Кытайга каруу жарак сатууга эмбарго жарыялаган.