Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

ОШТО СОТ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООНУ ТАЛАП КЫЛГАН МИТИНГ ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 19-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында сотторго ишеним көргөзбөө акциясы болуп өттү. Митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге сот системасын реформалоону, соттордун учурдагы курамын тез арада таркатууну жана сот бийлигинин жетекчилерин элдик шайлоого коюуну талап кылган кайрылуу кабыл алышты.

Эртең менен шаардын борбордук аянтына “Адилетсиз соттор жоголсун”, “бут коерго жер жок”, “сот системасы реформага муктаж” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөргөн эки жүз чамалуу адам тынчтык митингине чогулушту. Алардын айрымдары чыгып сүйлөшүп, соттордун адилетсиз чечимдеринен жабыркап келе жаткандыктарын айтышты:

- Биздин эки жылдан бери чечилбей келген көйгөйүбүз ушул күнгө чейин дагы эле чечилбей келе жатат. Былтыр май айынан баштап Мамасадык Бакиров сатып алган жатаканасынын көйгөйү ушул күнгө чейин чечилген жок. Соттор бизди эч кандай кенебей, адам ордуна көрбөй келе жатат , – дейт соттун адилетсиз чечиминен жабыркагандардын бири Зыйнат Жанботоева.

Сотторго ишеним көргөзбөө акциясын уюштуруучулардын бири Талант Касиев адилетсиз чечимдерден жабыркаган карапайым калктын өкүлдөрү сотторго карата мыйзамсыз чараларды колдонгонго чейин барышарын жарыя кылды:

- Революция эмне үчүн болду, же беш-алты эле адамды алмаштырыш керек болгонбу? Курманбек Салиевич, сотторду кайрадан эл шайлаш керек. Соттор эч качан карапайым калктын ишин туура чечпейт. Керек болсо бир-экөөнү алып чыгып көчөгө ыргытыш керек. Бизге андай соттордун кереги жок.

Ал эми “Мыйзамдуулукту коргоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев митингге ырасмий түрдө чакырылган шаардык жана облустук соттордун жетекчилеринин келбей калгандыгын ашкере тоотпостук катары баалады:

- Ким көбүрөөк төлөсө ошол тарап утуп атат. Жогорку сотту талкалагандай кылып шаардык сотторду да талкалаш керекпи? Эмне үчүн адамча сүйлөшүүгө бул жерге келип коюшпайт, же биздин сөздөр асманга учуп кетиши керекпи?

Аталган митингге аткаруу бийлигинен өкүл катары чакыртылган Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев сотторго ишеним көргөзбөө акциясы боюнча мындай пикирин билдирди:

- Биз революция кылганда бир чоң жаңылыштык кылыптырбыз, сот органдарына реформа киргизүү, алмаштыруу жөнүндө ойлонбой калыптырбыз. Жогорку Кеңеш буларды бекиткен үчүн бийликтегилерди угушпайт, чакырсаң келишпейт. Булар Жогорку Кеңеш менен гана иш кылып калган. Бийликте турган бизди укпагандан кийин, карапайым адамдарды кандай угат булар. Ошол себептен бүгүнкү чыккандары орундуу.

Митингдин аягында анын катышуучулары мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жана парламентке сот системасын реформалоону тездетүүнү талап кылган кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG