Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ТҮШТҮК КОРЕЯДА АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН САММИТИ ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва 19-ноябрда Түштүк Кореянын Бусан шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити ишин аяктады. Саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө 19 мамлекеттин башчылары биргелешкен декларация кабыл алышты. Документте алар, башка проблемалардан сырткары, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн болушунча натыйжалуу өтүшү үчүн аракет жасоо зарылдыгын белгилешти. Аталган саммитке катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Түштүк Кореяда иш сапары менен да болуп, өлкө башчысы менен сүйлөшкөн.

Эки күндүк саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен декларацияда, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча суроодон сырткары, терроризмге каршы күрөштү күчөтүп, куш тумоосунун жайылбашы үчүн биргелешип аракеттенүү зарылдыгы белгиленди. Мындан башка негизги маселелердин бири – жалпы региондун экономикасын жандандыруу.

Саммит коопсуздук чаралары күчөтүлгөн Бусан шаарында өттү. Лидерлердин жолугушуусу үчүн суу ташкынына да, зилзалага да, анан калса кандайдыр бир куралдуу сокку га да оңой туруштук бере ала тургандай атайын чоң имарат курулган.

Сүйлөшүүлөр учурунда демонстрацияга чыгышкан антиглобалисттер менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Бирок эларалык уюмдардын ишине каршы чыккандар сүйлөшүүлөргө алакыт кыла алышкан жок, анткени саммит өтүп жаткан аймак миңдеген полиция кызматкерлери менен корголуп турган.

Жолугушуунун жыйынтыгында 21 өлкөнүн башчылары түштүк кореялыктардын улуттук кийиминде сүрөткө түшүштү.

Азия-Тынч окен экономикалык кызматташтыгы уюмунун саммити жыйынтыкташы менен орус президенти Түштүк Кореяга жасаган иш-сапарынын алкагында өлкө президенти Но Му Хен менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө бурулганы маалымдалды. Орус президенти сүйлөшүүлөр соңунда бул маселе боюнча ырасмий Москва Корея жарым аралынын өзөктүк куралсыз аймакка айланышын жактаарын билдирди:

- Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча маселени чечүүдө Орусия алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн уланышын колдойт. Биз региондо сүйлөшүүлөр аркылуу гана кырдаалды жакшыртып, проблеманы тынчтык жолу менен чечүүнү туура деп эсептейбиз.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө АКШ, Орусия, Жапония, Кытай жана Түндүк менен Түштүк Корея кирет.

Путин, ошондой эле, Орусия Түштүк жана Түндүк Корея менен транспорт, энергетика жаатында үч тараптуу кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгиледи. Орус президентинин айтымында, Түштүк Корея менен Орусия ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү быйыл 7 млрд. долларга чыгаары күтүлүүдө.

Путин Түндүк Кореядагы эки күндүк иш сапары учурунда Кошмо Штаттардын, Кытайдын, Индонезиянын жана Вьетнамдын мамлекет башчылары менен жолугушту.

АКШ президенти Жорж Буш менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин орус президенти Иран боюнча көптөгөн суроолорго карата макулдашуу табылганын белгиледи. Ал андан сырткары, Буш Дүйнөлүк Соода Уюмуна Орусияны мүчөлүккө алуу боюнча маселеде Орусияга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул Путин менен Буштун акыркы бир жыл ичиндеги бешинчи жолугушуусу эле.

Орусия азырынча Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө эмес, бирок бул уюмга кабыл алынууну каалайт. Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы уюмунун саммитинде кабыл алынган декларацияда да анын мүчөлөрү Орусиянын Дүйнөлүк Соода уюмуна тезирээк мүчөлүккө алынышын колдой тургандыктарын билдиришти.

Жекшемби күнү орус президенти Жапонияга ырасмий сапар менен барышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG