Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

БШК ТҮНДҮК ШАЙЛОО ЧӨЛКӨМҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕНИ КАРАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек шаарындагы №8 Түндүк шайлоо округунан парламентке депутаттыкка талапкер Жаныш Кудайбергенов тарабынан мыйзам бузууларга жол берилгендиги тууралуу арыз боюнча токтом кабыл алынды. Түндүк округунан талапкер Мухитдин Рустенбековдун мындай арызы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда да карала баштады.

Ишембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда №8 Түндүк шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлер тобунун арызы каралды. Талапткерлер Отунбаева, Каракулов, Керимбеков, Рустембеков дагы бир талапкер Кудайбергеновго ал үгүт материалдарында мамлекеттик герб, желектин сүрөттөрүн пайдаланып, мыйзам бузууга барып жатат, деген доо коюшкан. Алар ошондой эле Кудайбергеновдун талапкерлигин каттоодон чыгарууну талап кылышкан. Борбордук шайлоо комисссиясынын жыйынында Кудйбергенов тарабынан анын агитациялык материалдарында Кыргызстандын мамлекеттик символдору болгон герби менен туусунун сүрөттөрүнүн пайдалынылышы мыйзамга каршы келээри жөнүндө айтылды. Үгүт материалдарында герб менен туунун сүрөттөрүнүн пайдаланылышы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзамдын 15-беренесине каршы келет.

Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы эки күндүк мөөнөт ичинде депутаттыкка талапкер Кудайбергенов тарабынан мамлекеттик символдордун сүрөттөрү пайдаланылган үгүт материалдарынын баарын алып салуу жөнүндөгү токтомун кабыл алды. Мындай иш чаараны аткаруу Түндүк округдук комиссиясына Биринчи май райондук прокуратурасы жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүү тапшырылды.

Бул токтомдун кабыл алынгандыгын себептери жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов мындай деди:

- Мамлекеттик сиволдорду үгүт материалдарында пайдаланууга мыйзам менен тыйуу салынган. Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссия ушундай токтом чыгарды.Эми бул токтомду округдук шайлоо комиссиясы Биринчи май райондук соту жана ички иштер бөлүмү менен бирдикте ишке ашырышы керек.

Ал эми талапкер Жаныш Кудайбергеновдун өкүлү Табылды Орозалиевдин пикиринде, үгүт иштерин жүргүзүүдө Кудайбергенов тарабынан мыйзам бузуулар болгон жок:

- Талапкер Жаныш Кудайбергенов тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүдө, үгүт материалдарын даярдоодо эч кандай мыйзам бузуулар орун алган жок. Ошондуктан, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган токтом да негизсиз.

Буга чейин Кудайбергенов тарабынан үгүт иштеринде мыйзам бузуулар орун алып жатат деген арыз Тундүк шайлоо округдук комиссиясында да каралып, арыз ээлеринин дооматтары негизсиз деп табылган.

Түндүк округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Татьяна Конькованын айтымында, бул күндөрү да айрым талапкерлер мыйзам бузууларга барып жаткандыгы боюнча арыздар түшүп жатат:

- Азыр Отунбаевага, Рустенбековго карата арыздар түштү. Арыз ээлери бул талапкерлер тарабынан үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы тууралуу айтышууда. Мисалы, бүгүн Роза Отунбаева эл менен жолугушуусунда март ыңкылабындагы өзүнүн ролун жогорулатып айтып жатат, ал эми Рустенбеков болсо, маркум депутат Жыргалбек Сурабалдиевди шайлаган шайлоочуларды акчага сатылгансыңар деп, алардын ар намысына шек келтирүүдө деген мазмундагы арыздарды карадык. Азыр негизинен үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча арыздар түшүүдө.

Түндүк округунан Жогорку Кеңешке талапкерлер тарабынан мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан да билдиришти. Буга байланыштуу БШКнын өкүлү Жеңиш Акматов буларга токтолду:

- Түндүк округунда талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга барып жатат, деген мазмундагы арыздар бизге да түшүп жатат. Азыр комиссиянын мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ айрым талапкерлер үчүн үгүт иштерин мамлекеттик кызматкерлер жүргүзүүдө деген арыз териштирилүүдө. Бул арыз боюнча видеотасмалар да бар. Ошондуктан, арыз каралгандан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат.

Ишембиде Биринчи май райондук сотунда депутаттыкка талапкер Рустенбековдун Кудайбергенов тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар орун алгандыгын териштирип берүү жөнүндөгү арызы карала баштады. Сот жараянында төрагалык кылган судья Бекболот Жаналиев сот жараянын 21-ноябрга жылдыруу жөнүндөгү чечимин кабыл алды. Дүйшөмбүдө улана турган соттук териштирүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү да катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG