Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

ИРАКТЫН УЛУТТУК ЭЛДЕШҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫН ДАЯРДОО ЖЫЙЫНЫ КАИРДЕ ӨТҮҮДӨ


Ирактын улуттук жарашуусу боюнча эл аралык конференцияны даярдоо максатында ирактык лидерлердин жолугушуусу Каирде өтүп жатат. Өлкөдөгү улуттук, диний тайпалардын негизгилери болгон суннит, күрд жана шийит лидерлери Араб лигасынын демөөрчүлүгү астында жолугушууда.

Араб Лигасы уюмунун демөөрчүлүгү астында Каирде өтүп жаткан жыйынды Кошмо Штаттар да колдогон. Андан өтө деле чоң жыйынтык же кандайдыр бир бурулуш окуя күтүлүп жатпаганы менен жыйын ирактык лидерлерге талаш маселелерде өлкөдөгү саясий жана диний тайпалар ортосунда ич ара мунаса табуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоосуна жакшы мүмкүнчүлүк тартуулоодо.

Жыйынга өлкөнүн премьер-министри, шийит Ибрагим ал-Жафаари, президент улуту боюнча күрд Жалал Талабани, анын улутташы, тышкы иштер министри Хошияр Зебари, вице-президент, суннит Гази ал–Явар, сунниттердин эң ири саясий уюму - Ислам партиясынын лидери Тарик ал- Хашеми жана башка лидерлер чогулду. Шийиттердин эң негизги саясий партиясынын лидери Абдел Азиз ал-Хаким менен радикал шийиттердин жол башчысы Моктада ас-Садр жыйынга келишкен эмес, бирок өз өкүлдөрүн жөнөткөн. Баары болуп Араб Лигасы жыйынга Ирактын жүздөй лидерин чакырган.

Мындан сырткары жыйынга араб өлкөлөрүнүн сегизинен тышкы иштер министрлери, АКШ, Улуттар уюму, Иран, Европанын өкүлдөрү катышат.

Лондондогу Экономикалык мектептин Ирак боюнча эксперти Яхия Саид Араб Лигасынын Ирактын иштерине аралашуу аракети уюмдун өзү үчүн маанилүү экенин белгилейт:

- Араб Лигасы Ирактын ишине аралашууну каалабаган мезгилден кийин минтип, улуттук жарашуу өңдүү маанилүү маселелерге кайрылып, улутчулдарды, козголоңчулардын кээ бирлерин саясий жараянга тартууга аракеттенип жатышы - оң көрүнүш. Бирок албетте, улуттук жарашуу бүгүн бийликте тургандар, башкарып жаткандардан чегинүүгө барууну талап кылат.

Иракта декабрь айына белгиленген парламенттик шайлоодон кийин стабилдештирүү жана кайра куруу жараянын солгундаткан карама – каршылыктарды чечүү максатында келерки жылдын башында улуттук элдешүү конференциясын өткөрүү болжолдонууда. Каирдеги жолугушуу мына ошол конференцияга даярдык болуп эсептелет.

Ирактын араб коңшулары улуттук элдешүү боюнча алдыдагы конференцияны колдоосу үчүн АКШ администрациясы да иш жүргүзгөн эле. Конференциянын максаты - өлкөдө азчылыкты түзгөн сунниттердин саясий жараянга кошулуп, шийиттер жана күрддөр менен жарнакташып жашоосунун жолун табуу. Шийиттер болсо башынан бери эле конференцияга көп үмүттөнүшпөйт. Алар мурда Саддам Хусеиндин режимине кызмат кылган сунниттердин жана козголоңчул топтордун өкүлдөрүнүн катышуусуна караманча каршы.

Араб Лигасынын башкатчысы Амр Мусса Саддам бийликтен кулагандан бери Иракка биринчи жолу өткөн айда барган эле. Шийит лидерлери аны Араб Лигасы Ирактагы чатакты жөндөөгө жардам берүү ишине өтө эле кечигип киришкени жанан суннит козголоңчуларынын кол салууларын айыптабаганы үчүн кескин сынга алышкан болчу. Конференцияда суннит лидерлери шийиттер үстөмдүк кылган өкмөттөн чет элдик аскерлер өлкөдөн чыгарылуусунун мөөнөтүн белгилөөгө көнүүнү жана октябь айында кабыл алынган Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилүүсүн талап кылары күтүлүүдө. Келерки жылдын башына белгиленген элдешүү конференциясына кимдер катышары да Каирдеги үч күнкү жыйында каралмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG