Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

ДАЙТОН КЕЛИШИМИНЕ 10 ЖЫЛ


Мындан туура он жыл илгери, 1995-жылдын 21-ноябрь күнү Сербия, Босния жана Хорватиянын жетекчилери Босниядагы согушту токтотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. Андан үч жума өткөн соң, Парижде АКШнын ортомчулугу астында жетишилген Дайтон тынчтык келишими - Босниядагы бейпилдик үчүн гана бекем пайдубал болбостон, Косоводон Ооганстанга чейинки далай чыр-чатактарды басууда тынчтык жолуна алып барчу стратегия болуп берди.

Дайтон келишими – Боснияда 3 жылдан ашыгыраак мезгилге созулган кандуу согушту токтоткон. Ал урушта Белграддан колдоо тапкан жергиликтүү сербдер үстөмөндүк кылып, өлкө аймагынын 70%ын көзөмөлгө алып, босниялык жүз миңдеген мусулмандар үйлөрүн таштай качууга аргасыз болушкан. Кандуу булоондо 200 миңдей киши мерт болуп, дагы 2 миллиондой адам Европанын ар тарабына качкын болуп тарашкан.

Женевадагы коопсуздук саясатын изилдөө борборунун өкүлү Жулиан Линдлей-Френч Дайтон келишиминин өзгөчөлүктөрүн төмөнкүдөй белгилейт:

- Документ чатактын кыска жана узак мөөнөттүү жагдайларын эске алган. Кыска мөөнөттөн алганда, касташууну токтотуу, бири-бирин коркутуудан баш тартып, өз ара ишенич орнотуу каралган. Узак мөөнөттү алсак, анда чатакка аралашкан ар бир тараптын кызыкчылыктары эске алынып, ар бир тарап бул документти өз пайдасына чечилген келишим катары кабылдашы каралган. Мындан он жыл илгери жетишилген Дайтон келишиминин өзгөчөлүгү ушундай болгон.

Лондондогу «Көз карандысыз дипломат» тобунун башчысы Кэрни Росстун айтымында, Дайтон келишиминде жазылган Босниядагы кырдаалды турукташтырыш үчүн көп улуттуу күчтөрдү колдонуу принциби да өз натыйжалуулугун Боснияда гана эмес, дүйнөнүн башка аймактарында да көрсөтө алды. Лондондук эксперт документтин дагы бир таасирдүү жагына токтолот:

- Дайтон келишиминдеги дагы бир жаңылык - ал башка да жерлерде сыноодон ийгиликтүү өттү. Атап айтканда, дал ушул документке ылайык, Боснияда эл аралык башкаруучу дайындалган, дал ушул дүйнөлүк чабарман согуштан кийинки кырдаалда аймактын эгемендүүлүгүн сактап калуучу, эл аралык коомчулуктун тапшырмасын аткаруучу боло алды.

Албетте, Дайтон келишиминде каралган айрым жагдайлар ойдогудай натыйжа бербей калган учурлар да жок эмес. Алсак, Босния ушу тапта ич ара автономиялык укуктар берилген үч тарапка бөлүнүп калды. Дайтон келишимине ылайык түзүлгөн жаңы Боснияда мусулмандар менен хорваттар биримдиги өлкөнүн жарым аймагын көзөмөлдөп, калганын Серб Республикасы тескейт. Бир катар эксперттер улуттар, же тайпалар аралык араздашууну биротоло токтото алган жок деп, Дайтон келишимин мисалы Тоолуу Карабах, Абхазия, же Ирактагы кырдаалды жайгаштырууда негизги үлгү катары пайдаланууга болбойт деген пикирде.

Анын үстүнө Дайтон келишимине демөөрчүлүк кылган АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү ушу тапта Босниялык лидерлерди жаңы конституция кабыл алып, ички автономиялардын укуктарын кыскартып, борбордук бийликти күчтөндүрүүгө үндөп жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG