Жыйында адегенде президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, өлкөдөгү кылмыштуулук жагдайга байланыштуу пикирин билдирди:
- Бүгүнкү күндө мен тартип коргоо органдарынын ишмердүүлүгү өлкөдөгү кылмыштуулукка байланыштуу жагдайга толугу менен жооп бере албай жаткандыгы жөнүндө айтууга мажбурмун. Өткөн 10 айдын анализине ылайык, кылмыштуулуктун айрым түрлөрү боюнча жылыштар бар, көпчүлүк региондордо кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө оң жылыштар бар. Бирок буйрутма өлтүрүүлөр, башка оор жана өтө оор кылмыштар көбөйүүдө .
Президент К. Бакиев белгилегендей, жакында эле жазаны аткаруу системасында орун алган окуялар бул тармакта орун алган маселелердин чечилбей келгендигин көрсөттү. Өлкөдө курал жарактарды сатуу маселеси да курч. Ал эми экономика тармагындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү мурдагыдай эле натыйжасыз жүргүзүлүүдө:
- Буга чейин бул тармакта декларативдүү турдө иш жүргүзүлүп келген. Акыркы жылдарды конкреттүү чаралар көрүлгөн эмес. Мындай көрүнүш бул тармакта азыр да улантылып келе жатат. Бирок бул органдарга жаңы адамдар дайындалды. Экономикалык кылмыштарга каршы активдүү, натыйжалуу күрөш улуттук коопсуздук кызмат тарабынан да, ички иштер министрлиги жана башка тартип коргоо органдары тарабынан да байкалбай жатат. Бажы жана башка фискалдык органдар ишин мурдагы нукта эле жүргүзүшүүдө.
Президент белгилегендей, мыйзамдуулукту сактоо иштеринде да чоң кемчиликтер бар. Ал эми кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжасыздыгы тартип коргоо органдарында кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешип иштеген кызматкерлер бар экендиги менен да түшүндүрүлөт. 2005-жылы өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштарды ачуу 4398 кылмышка азыраак ачылып, 17, 4 пайызга төмөндөдү.
Коопсуздук Кеңеште доклады менен чыгып сүйлөгөн өлкөнүн баш прокурору Камбараалы Конгантиев болсо, өлкөдөгү криминогендик кырдаал кризистик абалга жакындагандыгын мурдагы бийликтин ишиндеги кемчиликтер менен байланыштырды:
- Криминогендик кырдаалдын жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн абалы бугүнкү күндө кризистик деңгээлге жакындап баратат. Негизинен бул мурдагы бийлик жетекчилеринин туура эмес кадамдарынын, ишинде кетирген катачылыктардын натыйжасы. Бүгүнкү күндө терс көрүнүштөр, кылмыштуулук күчөөдө. Ошондуктан, кыска мөөнөттүн ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү ыкчам көрүлө турган эффективдүү чараларды иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу зарыл.
Баш прокурордун пикиринде да, мурдагы бийликтин, анын ичинде тартип коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү кылмыш чөйрөсү менен байланышта болушкан. Бүгүнкү күндө адам өлтүрүү, ок атуучу куралды колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Уурулук менен талоончулукка байланыштуу кылмыштар көбөйүүдө. Бирок ачылган кылмыш иштердин саны өтө аз. Ошондой эле соңку мезгилде алдын ала даярдалган кылмыштар, криминалдык чөйрөнүн буйрутмалары боюнча адам өлтүрүүлөр, чет өлкөлүк атуулдарды өлтүрүү да көбөйгөндүгү байкалууда. 2001-жылдан бери өлкөдө 40 буйрутма өлтүрүү орун алды. Бирок алар ачылган жок. Баш прокурордун пикиринде, өлкөдө кылмыштуулуктун күчөшү аларды ачуу боюнча тергөө иштеринин сапатынын начардыгына да байланыштуу.
Камбараалы Конгантиев Кыргызстандын аймагында терроризм менен экстремизмге байланыштуу кылмыштуулук да күчөп жактандыгын билдирди:
- Олуттуу маселелердин бири - экстремисттик багыттагы кылмыштуулукка байланыштуу. Терроризмдин уюшулган кылмыштуулук менен тыгыз биригүүсү байкалууда. Эгерде 90-жылдардын аягында диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү өлкөнүн түштүк аймагында гана орун алып, бул иштер өзбек улуту тарабынан жүргүзүлсө, 2000-жылдан тарта Чүй жана Ысыккөл облустарында да мындай уюмдардын ишмердүүлүгү байкала баштады. Алар ачыктан-ачык эле массалык исламдаштыруу, Конституциялык түзүлүштү өзгөртүү жана Фергана өрөөнүндө Халифат ислам мамлекетин куруу максаттары тууралуу айтышууда.
Баш прокурор өлкөнүн экономикалык абалына терс таасирин көрсөткөн кылмыштарга, экономикалык кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүүдө тартип коргоо органдарынын иши жетишсиз болуп жаткандыгын белгиледи.
Ал эми мыйзамсыз түрдө кылмыш жообуна тартуу маселесине байланыштуу Конгантиев ушул жылдын 9 айынын ичинде эле 183 адам мыйзамсыз түрдө кылмыш жообуна тартылгандыгын маалымдады. Баш прокурор өз сөзүндө ошондой эле өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө өбөлгө түзгөн маалымат каражаттарындагы материалдар үчүн катуураак чараларды көрүү керек, деген пикирин айтты.
Буга байланыштуу ушул эле күнү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюму баш прокурордун мындай сунушу сөз эркиндигин чектөөнү көздөйт, деген мазмундагы билдирүү таратты. Уюмдун кызматкери Ибраим Орозбаев «Азаттыкка» бул жөнүндө мындай деди:
- Биз баш прокурор Камбараалы Конгантиевдин маалымат каражаттары тууралуу пикирине кошулбайбыз. Маалымат каражаттарына кандайдыр бир кысым көрсөтүүгө жол берилбеши керек. Тоталитрадык доордогудай сөз эркиндигин чектөө аракеттери токтотулушу керек.
Баш прокурордун маалымат каражаттарына байланыштуу сунушу коопсуздук кеңеши тарабынан колдоого алынган жок.
Коопсуздук Кеңештин жыйынынын чечими менен 25-декабрга чейин өкмөткө өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү чаралар камтылган мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды.