Монголияда президент Жорж Буш 21-ноябрда төрт гана саат болсо, Бээжинде ал 40 саат өткөрдү. Кытай азыр экономикалык жактан өтө ыкчам өнүгүп баратат жана айрым эксперттердин пикиринде, СССР чачырагандан кийин дүйнөдөгү экинчи күчтүү дөөлөткө жакын арада Кытай айланат. Бирок Жорж Буштун президенттиги учурунда эки мамлекет ортосундагы мамилелер өтө жакшы өнүкпөй келатат жана Вашингтондогу Эл аралык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Бонни Глейзердин айтымында, аны - Буш менен Кытай төрагасы Ху Цзинтао ортосунда жеке инсандык байланыш түзүлбөгөнү менен түшүндүрсө болот. Бээжин шаарындагы Элдик университеттеги Американы изилдөө борборунун деректири Ши Йингондун пикиринде дагы, эки жетекчи ортосунда жакшылыктуу байланыш эмгиче жок, анткени алар такыр ар башка мүнөздөгү инсандар.
Ху жана өлкө өкмөтүнүн башчысы Вен Цзябао менен Бээжинде сүйлөшкөндөн кийин Буш журналисттер менен дагы жолугуп, Кытайда жарандык эркиндик болушу өтө маанилүү экенин белгиледи:
- Кытайда социалдык, саясий жана диний эркиндиктердтин кеңейиши өтө маанилүү жана Бээжинди биз - мындан ары дагы ал эркиндиктерди камсыз кылуу багытында аракеттенүүгө чакырабыз.
Ошол эле жыйында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс - Кытайга америкалык президент келээрдин алдында өлкөдөгү диссиденттер катуу куугунтуктоого дуушар болгонун сынга алды. Буш болсо - Кытайга Тибеттин руханий жетекчиси Далай-ламанын кайтып келишине Бээжин шарт түзүүгө тийиш деп да билдирди. Анын айтымында, Далай-лама азыр Тибеттин эгемендүүлүгүн талап кылбайт, ал жөн гана кеңири автономия берүүнү сурап жатат, ошондуктан Бээжин аны өлкөгө чакырып, сунуштарын өз оозунан угуш керек.
Анткен менен көптөгөн эксперттин пикиринде, Кытайдагы адам укуктарынын абалы тууралуу АКШ мезгил-мезгили менен айрым жыйындарда айтканы менен, иш жүзүндө көп деле орчундуу чара көргөн жок. Бээжинге келгенде Буш жубайы менен тибеттик же шиңжаңдык өкүлдөр менен жолуккандын ордуна протестант христандарынын Гаңваши деген чиркөөсүнө барды.
Британиянын "Индепендент" гезити ал тууралуу жазып, протестанттар Кытайда чындап эле куугунтукталат жана америкалык президент аларды колдогону жакшы, бирок өлкөдө азыр тибеттиктер менен уйгурлар улут катары таптакыр кырылып калуу коркунучуна такалган деп белгиледи. Гоңконг шаарындагы Линьян университетинин Эл аралык маселелер боюнча эксперти Пол Харристин айтымында болсо, Буштун Кытайга жасаган сапары жөн гана убакытты текке коротууга окшош болду.
Бир топ эксперттин пикиринде, жолугушуулар учурунда Кытай менен АКШ ортосундагы соодада тең салмактуулук орнотуу жана америкалык ишканалар өндүргөн буюмдар Кытайда уруксатсыз чыгарылып жатканы тууралуу да сөз болду жана Бээжин ал маселелерди чечүүгө аракеттене турганын билдирди. Бирок Кытай ал убадаларын аткара турганына ишенгендер аз.