Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ ЖАГДАЙГА УКРАИНДЕР ЖАНА ГРУЗИНДЕР ЫРААЗЫ ЭМЕС


22-ноябрь - Украинадагы саргылт ыңкылаптын бир жылдык мааракеси. Андан бир күндөн соң Грузия роза ыңкылабынын эки жылдыгын белгилейт. Бул өлкөлөрдөгү бийликтин ыңкылап аркылуу, бирок тынч алмашуусуна бир катар факторлор: башкаруучу режимдердин коррупцияланышуусу, экономикалык деградация, адам укуктарынын тебелениши түрткү болгон эле. Андан бери аталган өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр орун алдыбы?

Дүйшөмбүдө украин президенти Виктор Ющенко 22 – ноябрды майрам күн катары жарыялаган жардыкка кол койду. Ага ылайык, 22-ноябрь эми Украинада Эркиндик күнү деп аталат. Бирок бул идеяга баары эле макул эмес. Ушул жекшемби күнү украин башкааласы Киевде жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыгышты. Алар президент Виктор Ющенконун кызматтан чегинүүсүн талап кылып, өлкөнү Батышка сатып жиберди деген кыязда айыпташты.

Сурамжылоолор көргөзгөндөй, Украина менен Грузия жарандарынын көпчүлүгү ыңкылаптан кийин коомдо, экономикада көп деле өзгөрүү орун алган жок деген пикирде.

Экономикалык жана саясий иликтөөлөр боюнча Киевдеги Александр Разумков борборунун өкүлү Андрей Быченконун айтымында, быйыл август айында жүргүзүлгөн иликтөө украиналыктардын көпчүлүгү саргылт ыңкылаптан кийин экономикалык кырдаал оңолгон деле жок, деп эсептерин көргөзгөн:

- Суралгандардын 21%ы өлкөдө экономикалык кырдаал жалпысынан оңолду, 42%ы начарлады деп эсептейт. 17%ы өз үй-бүлөсүнүн абалын жакшырды десе, 39%ы начарлап кетти деген ойдо. Калгандары эч кандай өзгөрүү болгон жок деген пикирде же жооп берүүдөн кыйналышкан.

Ушундай эле маанайды Грузиядан да учуратууга болот. 23-ноябрда Грузия роза революциясынын эки жылдык мааракесин белгилегени жатат. Быйыл май айында башкеңсеси АКШда жайгашкан InterMedia институтунун иликтөөсү суралгандардын 66%ы өлкөдөгү кырдаалга канааттанбасын, жарымынан көбү жашоо ыңкылаптан кийин оңолгон деле жок деп эсептерин көргөзгөн. Ошондой эле аталган иликтөөгө караганда, грузиялыктарды ириде тынчызданткан көрүнүш - жумушсуздук менен коррупция.

Украинанын расмий маалыматтары да калктын тынчыздануусунун тууралыгын ырастап тургандай. Өкмөттүн эсебине караганда, быйыл август айында былтыркы жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү төмөндөгөн. Бул - 1999-жылдан берки алгачкы төмөндөө.

Грузиянын экономикалык көрсөткүчтөрү бир аз дурус сыяктуу. Премьер-минстр Зураб Ногайделинин кабарчыларга билдиргенине караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында экономика былтыркы жылга салыштырмалуу 6%дан ашуун өстү.

Бийликти алмаштырган ыңкылапчылар арасында ыдыроону каңкуулаган окуялар өткөн бир жыл аралыгында Украинада, эки жыл аралыгында Грузияда да орун алды.

Давид Зурабашвили кезинде укук коргочу болгон. Бийлик алмашып жаткан учурда президент Михаил Саакашвилинин партиясына кошулуп, кийинчерээк парламентте көпчүлүктү түзгөн өкмөтчүл фракцияда төраганын орун басарлык кызматына жетишкен эл. Бирок быйыл августа ал парламенттеги көпчүлүктөн чыгуу менен оппозицияга кошулуп, анын лидерлеринин бирине айланды. Жакында "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин редакциясына берген интервьюсунда Давид Зурабашвили президент Михаил Саакашвилиден иренжигенин билдирди:

- Эгерде биз кандайдыр бир так саясаты жок, баш – аламандык басымдуулук кылган өлкөнүн "стратегиялык тандоосу" жөнүндө кеп кыла алсак, ал жаңылыш тандоо жасады. Анын башкы стратегиялык максаты – Грузиянын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү. Буга жетиш үчүн кубаттуу армия куруп, бийликти саналуу колго топтоштуруш керек, калгандардын баары экинчи маселе деген ишенимде. Мен мунун тескериси абзел деп ойлойм. Биз биринчи кезекте Грузияны демократиялык жана экономикалык жактан күчтүү өлкөгө айландырбай туруп, аймактык бүтүндүк маселесин чече албайбыз.

Айтор украиналыктар менен грузиялыктар азыркы лидерлерине ичи чыгаар–чыкпасы, аларга дагы бир мүмкүнчүлүк берүүгө даяр же даяр эместиги эми алдыдагы шайлоолордо аныкталмакчы. Украинадагы парламентик шайлоо келерки жылдын жазына белгиленген. Ал эми Грузиянын парламенттик шайлоосу 2008, президенттиги андан кийинки жылы болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG