Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык, Босниядагы тынчтыкты күзөтүп жаткан Евробиримдиктин 6 жарым миңдей аскеринин жана аларды башкарган НАТОнун аскердик кеңсесинин мандаты дагы бир жылга узартылды.
Ушул эле дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жума күнү Боснияны Шаркетке кабыл алуу боюнча талкуулар баштоо маселесин жактырышты. Ал тапта АКШнын мамлекеттик департаменти Босниялык жетекчилерди конституциялык реформа кабыл алып, өлкөдөгү биримдикти бекемдөөгө үндөп жатат.
Босниядагы кандуу согушту токтоткон Дайтон келишимине 10 жыл толсо да, өлкө мусулмандар менен хорваттар биримдиги жана Серб Республикасы башкарган эки автономиялуу чөлкөмгө ажырап калган бойдон. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс Босниядагы 3 бийликтин президенттерин Дайтон келишиминин жоболорун аткарып, Евробиримдикке жакындашуу багытында чечкиндүү аракет көрүүгө чакырды.
Шейшембиде Вашингтондо АКШ жетекчилери Босниянын лидерлери менен жолугушуп, өлкөдө бирдиктүү бийлик орнотуу боюнча орток пикир табууга үндөмөкчү. Ырасмий Вашингтон андан тышкары Сараеволук жетекчилерди эл аралык трибунал согуш кылмышкерлери атаган Радован Караджич менен Ратко Младичти жоопко тартуу ниетин ырастатуу аракетинде. 200 миңдей кишинин өмүрүн алган Босниядагы согуш аяктаганына 10 жыл толсо да, өлкөдө туруктуу бейпилдик орното турган биримдик жоктугуна эл аралык коомчулук кабатыр.