Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

БАШ ПРОКУРОРДУН НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫН ЧЕКТӨӨ СУНУШУ КООМЧУЛУКТА ТЕРС ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


Баш прокурор Камбаралы Конгантиев 21-ноябрда өткөн Коопсуздук кеңешинде нааразылык акцияларын жана сөз эркиндигин чектөө боюнча сунуш киргизген. Анын буга чейин пикет, митинг жана жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларын уюштурууга бир жылдык мораторий жарыялоо тууралуу сунуш киргизгендиги белгилүү. Баш прокурордун мындай кадамдары саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн арасында терс пикирлерди жаратты.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин Коопсуздук кеңешинде берген маалыматы боюнча, март айынан бери Кыргызстандын аймагында 2200дөн ашуун санкцияланбаган нааразылык акциялары болуп өткөн. Баш прокурор нааразылык акциялары эң алгач коомчулуктун өзү үчүн коркунучтуу деп айтып, аны өлкөнү дестабилдештирүүгө алып келип жаткан негизги булактардын бири деп атады.

Анын сөзү боюнча, мындай иш чаралардын уюштуруучуларынын жазадан тыш калып жатуусу дагы жаңы нааразылык акцияларын жаратууда:

- Мындай акциялардын уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жазаланбоосу, тартип коргоо органдарынын кийлигишпөөсү жана көрүп-билип туруп, жол бергендиги тартип бузуучулардын жаңы, дагы үстөмдүү жана агрессивдүү мүнөздөгү аракеттерин жаратат. Бул барып отуруп, жарандык баш ийбөөчүлүктүн аягы узарып, толук анархияга айланып кетүүсүнө жана мамлекеттик башкаруу рычагынын жок болуусуна алып келүүсү мүмкүн.

Камбаралы Конгантиев ачык саясий мүнөздөгү нааразылык акциялары башкы коркунучту туудурат деп кошумчалап, учурда президенттин отставкасын талап кылып жаткан Аксыдагы митингди мисал кылып көрсөттү. Ал бийликке басым кылууга аракет жасалган бир да учурду жазасыз калтырбай, бардыгына чара көрүүнү сунуштады. Мындан тышкары баш прокурор күч органдары алсыздык кылып жаткандыгын билдирип, милиция жана улуттук коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктоо жана бекемдөө зарылчылыгын белгиледи.

Башкы прокурордун мындай сунушу коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Жогорку Кеңештин биз сөзгө тарткан депутаттары кечээ эле өздөрүнүн катарынан кеткен кесиптеши Камбаралы Конгантиевдин демилгесин колдоого алышкан жок.

Токтогулдан шайланган депутат Тайыр Сарпашевдин айтымында, нааразылык акциялары аркылуу карапайым эл өз оюн билдирүүгө укуктуу:

- Кыргызстан демократиялык башкаруу жолундагы өлкө. Ал эми карапайым элдин нааразылык акциялары аркылуу өз талабын билдирүүсү - демократиянын принциптеринин бири. Ошондуктан, мен мындай сунушту колдобойм. Ал эми тартип коргоо органдарынын катарын көбөйтүү жана бекемдөө тууралуу маселе козголуп, аларга жардам берүү тууралуу талап койсо, ага жардам берүүгө даярбыз.

Камбаралы Конгантиев митинг, пикет жана башка нааразылык чараларга убактылуу мораторий жарыялоо тууралуу сунушун депутаттык креслодо отурган учурда эле билдирген. Айрым саясатчылардын айтымында, Коопсуздук кеңешинде талкууга салынып жаткан бул сунуштун түбү Акүйдөн чыгып жатуусу мүмкүн. Мындай пикирин Жогорку кеңештин дагы бир депутаты Кубатбек Байболов билдирди:

- Митингдерге мораторий жарыялоо керек деген сөздөр акыркы учурда көбөйө баштаган. Мен ошондо эле айткам, мунун баары Акүйдөн чыгып жатат деп. Бул маселе эми Коопсуздук кеңешинде козголуп жаткан болсо, демек бул - ошол жасалган иштердин логикалык жыйынтыгы. Албетте, азыр авторитардык сунуштар көбөйүшү мүмкүн. Ал эле эмес, авторитардык чечимдер кабыл алынуусу мүмкүн.

-Кубатбек мырзанын сөзү боюнча, милициянын санын көбөйтүүдөн көрө, табиятын өзгөртүүгө аракет жасалса жакшы болмок:

- Азыр милициянын санын көбөйткөндөн анын табияты өзгөрбөйт. Анткени азыр эл кылмышкерге караганда милициядан көбүрөөк коркот. Ошондуктан, биринчи кезекте укук коргоо органдарынын табиятын өзгөртүү боюнча реформалар тууралуу ойлонуу керек. Ал эми алардын санын көбөйтүп, укуктарын кеңейтүүдөн элдин укугу корголбойт, тескерисинче тепселет. Бул жалпы элге маалым.

Кыргызстандын Конституциясында жарандар куралсыз тынч чогулууга, пикет, митингдерди өткөрүүгө укуктуу деп жазылган. Өткөн жылдан тарта мындай нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн жергиликтүү бийлик ээлеринен уруксат сурап, санкция алуу да Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылган. Ошондуктан, башкы прокурордун мындай сунуштары Башмыйзамдын өзүнө каршы келет, дешет айрым байкоочулар.

Башкы прокурор Коопсуздук кеңешинде нааразылык акцияларын кээ бир күчтөр өз пайдасына жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү максатында пайдаланып кетет деп да билдирген.

2002-жылы Аксы окуясында курман болгондордун жакындарынын жана жабырлангандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков муну жөн гана шылтоо деп негиздеди:

- Конституцияда жазылып турат: ар ким өз оюн билдирүүгө укуктуу деп. Ошондуктан, башкы прокурор өзүнүн сөзү менен Башмыйзамга каршы чыгып жатат. Бардык нерсени эле кырдаалга, башка бир күчтөргө шылтап, тыюу салып, токтото берүү туура эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG