Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

УКРАИН ЫҢКЫЛАБЫНА БИР ЖЫЛ: ҮМҮТ АКТАЛДЫБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага 22-ноябрда Украиндагы саргылжын революцияга бир жыл толду. Бирок революция өткөн бир жылдан кийин украин жарандарынын кыйласы революциянын натыйжаларына иренжип турушканын жашырышпайт.

Былтыр ушул убакта Киевдин «Эгемендик» аянтына миңдеген кишилер чогулуп, өлкөдө өткөрүлгөн президенттик шайлоонун ошол кездеги премьер Виктор Януковичтин пайдасына бурмалангандыгына нааразылык көрсөтө башташкан эле. Жумаларга созулган митингдерден кийин, акыры, 26-декабрда шайлоо кайра кайталанып, бириккен оппозициянын талапкери Виктор Ющенко жеңип чыккан.

Саргылжын революциянын мааниси жана ошол кездеги калктын жалпы маанайы жөнүндө серепчи Ян Максимюк буларды баяндайт:

- Маани-маңызы боюнча 1980-жылдарда Польшада болгон «Солидарность» кыймылы жана Чехословакияда 1989-жыл болгон жибек революциясына теңелген "саргылжын революция" Украинада болуп көрбөгөндөй социалдык оптимизмди жараткан. Бирок ал окуядан бир жыл өткөндөн кийин көптөгөн украиналыктар өлкө багыт алган курска ирээнжип турган кези.

Мындан бир ай мурда өткөрүлгөн сурамжылоо украиндер өкмөттүн берген убадасын аткарган жок, деп ирээнжип турганын көрсөттү. Бүгүн президент Виктор Ющенкону Украинанын ар бир жетинчи гана жараны колдойт. Өткөн февралда инаугурациянын алдында президентти калктын теңине жакыны колдочу. Мунун себептери эмнеде?

Биринчиден, Ющенко революциядан кийин түзүлгөн ыңгайлуу шарттан пайдаланып, тийешелүү реформаларды жүргүзө алган жок. Натыйжада өлкө азыркы олигархтар капитализминен чыныгы эркин экономикага карай бурулуш жасай албады. Анын ордуна Ющенко шайлоочуларды 2006-жылга чейин колдон чыгарбай туруу максаты менен айлыктар жана пенсияларды жогорулатуу сыяктуу популисттик чаралар менен чектелип калды. Бул инфляцияны күчөтүп, жашоонун кымбатташына алып келди. Ошол эле маалда экономикалык өсүш былтыркы 12 проценттен 3 проценттин дэңгээлине түшүп калды.

Эксперт Ян Максимюктун айтымында, Ющенко коррупцияны түп-тамыры менен жок кылып, кылмышкерлердин баарын мыйзамдык жазага тарттырам, деген убадасын аткарган жок. Туура өкмөт ишкер фирманы каттоодо коррупцияга жол берген 4 миңге жакын эрежени жойду. Бирок ошого карабастан коомдо Ющенконун келиши менен коррупцияга байланыштуу абал өзгөргөн жок, ал азыр да актуалдуу деген көз караш үстөмдүк кылат.

Мурдагы президент Леонид Кучманын айланасында жүргөн жооптуу кызматкерлердин бири да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды же пара жеди деген айып менен жоопко тартылган жок. Ющенконун абройуна экс-премьер Юлия Тимошенконун кызматтан алынышына байланыштуу кризис да кыйла доо кетирди. Эл арасында " былтыркы революция элдик революция эмес эле, Ющенкону колдогон "миллионерлер" менен Януковичтин "миллиардерлеринин" таймашы болгон, деген пикир калды.

Президенттин абройунун төмөндөшүнө ошондой эле анын экс-премьер Тимошенко менен келише албай, аны менен эл күзүнчө кайым-каяша айтышып, Тимошенконун өлкөдөгү приватташтыруу процессин кайра карап чыгуу планына макул болбогону себеп болду.

Эксперт Максимюктун көз карашында, саргылжын революцияга болгон ишенимдин кетишине Ющенконун жаңы кабинетти бекитүү үчүн сентябрь айында Янукович менен ич ара келишим түзгөнү да кошумча болду.

Януковичтин колдоосуна жооп иретинде Ющенко былтыркы шайлоону бурмалаган чиновниктерге мунапыс берген мыйзам долбоорун иштеп чыгууга милдеттенди. Башкача айтканда, Ющенко революциянын идеясына чыккынчылык кылды.

Өлкө жарандарын Ющенконун бийликке узак мөөттүү экономикалык программасы жок келгендиги иренжитүүдө. Криворожсталь ишканасы голландиялык болот өндүрүүчү конгломератка дээрлик беш миллиард долларга сатылды. Бул Кучманын өкмөтүнө төлөнгөн суммадан алты эсеге көптүк кылат. Алгач Ющенко бул акча социалдык тармакты жакшыртууга жумшалат, деп убада кылган эле, бирок кийин ал акчаны украин индустриясын өнүктүрүүгө жумшамакчы болду. Азыр парламентте акчаны сарптоонун 20дан кем эмес долбоору иштелип чыкты. Мунун баары өкмөттө даана экономикалык программанын жоктугун тастыктап, калк арасында революциянын натыйжаларына, же дааналап айтканда, натыйжасыздыгына иренжүүнү пайда кылды.

XS
SM
MD
LG