Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

ИЗРАИЛДЕ ЖАЗЫНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТӨТ


Израилдин президенти Моше Катсав парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө макулдугун берди. Израилдин маалымат каражаттары парламенттик шайлоо 28-мартта өтөөрүн кабарлашууда.

Бул саясий окуялар Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон өзү 1973-жылы түптөгөн “Ликуд” партиясынын чыгып жатканын жарыялагандан кийин башталды. Шарон саясий араздашууларга батып кеткен “Ликудда” кала берүүдөн майнап чыкпаарына көзү жеткенин айтып, оппозициячыл жаңы партия түзөөрүн билдирди.

Дүйшөмбүдө Израилдин премьери маалымат жыйынын өткөрүп, буларга токтолгон:

- Бүгүн эртең менен мен Израилдин президенти менен жолугушуп, парламентти таратып, колдон келишинче эртерээк жаңы шайлоо өткөрүүнү өтүндүм. Буга байланыштуу мен улуттук жоопкерчилик жана саясий эрдикти жогору туткан шакирттерим менен бирге Израилдин жаңы либералдуу партиясын түзүүгө кириштим. Азыркы кырдаалда “Ликуд” партиясы Израилдин улуттук максаттарын аркалай албай калды.

Коомдук пикирди изилдөө борборлору премьер-министрдин бул чечими “Ликуд” партиясынын беделин төмөндөтүп, бийликтеги кыймыл жаңы шайлоодо көпчүлүк добуштарды топтой албай калышы ыктымал, деген көз карашта.

Ошентип, Ариэль Шарон Кнессеттеги 14 депутат менен бирге “Улуттук жоопкерчилик” аттуу жаңы кыймыл түзүү аракетин көрө баштады. Ликудчулар тарабында бирок, Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз, мурдагы өкмөт башчы Беньямин Нетаньяху, тышкы иштер министри Сильван Шалом баш болгон саясатчылар бар. Дал ушул 3 саясатчы жана “Ликуддун” дагы төрт өкүлү партия башчылыгы үчүн ат салыша баштаганы кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG