Дейтон келишими Боснияда үч жылдан ашуун убакытка созулуп, 200 миңдей адамдын өмүрүн алган, дагы 2 миллиондой кишини үй-жайынан бездирген согуштун токтошуна алып келген эле. Анын соңунан Босния жана Герцеговина улуттук негизде уюшулган жана көбүнесе автономиялык бийликке ээ үч субъектиге бөлүнүп калган.
Азыр Босниянын Мусулман жана хорват федерациясы өлкө аймагынын 51пайызын, Серб Республикасы калганын көзөмөлдөйт. Президенттик институт да үч тараптуу. Башкача айтканда, мамлекет башчысынын кызматын серб, хорват жана мусулмандардын өкүлү кезектешип аткарат.
Босниянын лидерлери Вашингтондон жарыялаган билдирүүдө, президенттик институттун жалгыздыгы жөнүндө атайы белгиленген эмес. Бирок америкалык расмий өкүлдөр алардын реформа жөнүндөгү убадасы акыры ушуга алып барат деген ишенимде.
Вашингтондо босниялык лидерлер менен жолугушуу учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс аларды өлкөсүн күчтүү мамлекетке айландырууга чакырып, конституциялык реформанын мааниси тууралуу мындай деди:
- Бул - Дейтон келишимин жаңылоо багытындагы тарыхый кадам, эгер Босния жана Герцеговина Евро-атлантикалык институттарга толук интеграцияланууну көздөсө, бул милдеттемени аткаруу абзел.
АКШ мамлекеттик катчысы өз сөзүндө согуш кылмышкерлеринин калган жашырынып жүргөндөрүн, анын ичинде босниялык сербдердин мурдагы лидерлери Радован Караджич менен Ратко Младичти кармоо Босния үчүн мааниси чоң экенине токтолду. АКШнын алар камакка алынбаса, Босниянын НАТОго кошулуусуна жол берилбейт, деген турумун кайра кайталады. Кондолиза Райс ага катар босниялык сербдердин азыркы лидерлеринин согуш кылмышкерлерин камап, сот жообуна тартуу жөнүндөгү талаптарды ачык колдогонун кубаттады:
- Мен Босниянын серб жамаатынын лидерлери Младич менен Караджичти кармап, камап жана Гаага өткөрүп берүүнү көздөөрүн коомчулукка ачык айтканына ыраазымын. Бул шыктандырган сөздөр, эми алар чындап чара көрүш керек. Мындан ары актоого, созууга болбойт. Он жыл жетиштүү убакыт.
Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс босниялык лидерлер менен жолугушуу учурунда Кошмо Штаттар ошондой эле Балкандын жөнгө салына элек башка манилүү маселесин - Сербиянын провинциясы Косовонун акыркы статусун чечүүнү да көздөөрүн кошумчалады:
- БУУнун жектекчилиги астында ушул аптада башталган сүйлөшүүлөрдү Кошмо Штаттар толугу менен колдойт жана биз туура айрымачлык жаралышы үчүн өз таасирибизди колдонуудабыз. Азыр Косовонун келечеги аныкталуучу учур. Биз каармандык жана мунаса аркылуу косоволуктардын баарына тынчтыкта жана эркин жашоого мүмкүндүк бере турган макулдашууга жетишибиз керек.
Косоводо көпчүлүктү түзгөн албандардын лидери провинциянын толук көз карандысыздыгын талап кылууда, ал эми Сербия лидерлери ошол эле учурда муну мүмкүн эмес, деп эсептейт.