Айрым саясатчылар жана эксперттер башаламандыктын себебин - сырттан көчүп келген иммигранттар Франция коомуна жакшы кошулуп, интеграцияланбай калганынан көрөт. Айрымдар болсо - Франциянын жалпы улуттук саясаты өтө либералдуу болуп кеткен деген пикирде. Өлкө мыйзамдары чындап эле либералдуу болгондуктан, Түндүк Африка мамлекеттеринен Францияга акыркы жылдарда абдан көп адам туруктуу жашоого келген. 2004-жылы, мисал үчүн, андай уруксат 173 миң адамга берилген болсо, алардын алты миңин гана - жумушка орношкондор алган, ал эми 111 миң уруксат - үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген. Натыйжада чоң шаарлардын чет жакаларындагы жумушсуздардын саны көбөйүп кеткен.
Айрым эксперттер - андай иммигранттар коомдук турмушка толук катышпай калган десе, белгилүү философ Андрэ Глюксмандын пикиринде, иммигрантар арасынан чыккан жаштар андай тополоңдорго катышканы - алар айлана-чөйрөгө толук кошулганынын белгиси, анткени чыныгы иммигранттар мыйзам бузуудан дайым алыс болууга умтулат. Глюксмандын айтымында, маселе жалпы коомдук проблемаларда жатат.
Тополоң учурунда элге көп чыкпаган президет Жак Ширак кийин - маселе канчалык татаал болсо дагы, өкмөт аны адилеттүү чечет деп билдирди:
- Бул - аң-сезим маселеси, байланыштар маселеси, улуттук биримдүүлүк маселеси. Биз так, адилет жана мыйзамдуу аракеттерди, Франция баалулуктарына туура келген чараларды көрөбүз.
Өкмөттүн айтымында, тополоңдорго катышкандар аныкталып, маселенин баары сот аркылуу чечилет. Бирок "Интернешнл гералд трибюн" гезити 23-ноябрда жазып чыкканга караганда, тополоңдорго негизинен улуттук азчылыктардын өкүлдөрү катышкан, андай маселелерди кароодо болсо Франция сотторунун тажрыйбасы жетишсиз. Ошондуктан XIX- жана ХХ-кылымда окшош маселелер Америка Кошмо Штаттарында кантип чечилгенин жана америкалык соттор менен башка уюмдардын тажрыйбасын колдонгон жакшы.
Мисал үчүн, 1960-жылдарда АКШнын Укукчулар ассоцияациясы, Жарандык эркиндиктер биримдиги, түстүү адамдардын укугу үчүн күрөшкөн Улуттук ассоциация жана башка уюмдар мыйзамдык негизде аракеттенип, көптөгөн сот иштерин утуп алып, акыр-аягында актар менен каралар жана актар менен башка түстүүлөрдүн укуктарын бир деңгээлге алып чыккан.
XIX-кылымда болсо АКШнын Батыш жээгине абдан көп кытай көчүп келгендиктен, Сан-Франциско шаарынын жетекчилиги 1880-жылдарда алар кармаган ишканаларды жабуу тууралуу чечим кабыл алган. Йик Во деген адам болсо ал чечимге каршы арыз берип, сот ишин баштаган жана ал Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот болсо - конституциялык укуктар жалаң гана АКШ жарандарына эмес, өлкө аймагында жашаган ар бир адамга таандык деген бүтүм чыгарып, улуттук азчылыктардын укугун коргоп, алардын коомго интеграцияланышына жол ачкан.
Гезиттин жазышынча, мыйзам жана конституциялар канчалык жакшы болсо дагы, соттордун адилет чечим чыгарышы үчүн ушундай мисалдар чечкиндүү мааниге ээ болот, Франциянын тажрыйбасында болсо андай үлгү боло ала турган иштер аз.