Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

ЖЕКШЕМБИ КҮНҮ АРМЕНИЯДА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби, 27-ноябрда Арменияда жалпы элдик референдум өткөрүлөт. Ага - конституцияга жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү маселеси коюлган, бирок оппозиция элге кайрылып, референдумду бойкоттоого чакырууда.

Роберт Кочарян Армения президенти болуп алгач 1998-жылы жана андан соң 2003-жылы шайланган, ошондуктан келерки шайлоо 2008-жылы гана өткөрүлөт. Азыркы референдумга коюлуп жаткан маселелер болсо - Европа Кеңеши, Европа Биримдиги жана Европадагы коопсуздук менен кызматташуу уюмдары тарабынан сунушталган. Эгер алар ишке ашырылса, Армениядагы президенттик бийлик бир кыйла кыскарып, өкмөт менен парламентке кошумча укуктар артат, андан тышкары, адам укуктарын камсыз кылуу боюнча дагы толуктоолор бар.

Бирок оппозиция баары бир бийликке каршы чыгып, референдумду бойкоттоого чакырууда, анктени парламенттик менен президенттик шайлоо жакын арада өткөрүлбөгөндүктөн, бийликти кулатуу азыр - референдумду жараксыз кылуу аркылуу гана мүмкүн. Референдумдун жыйынтыктары таанылыш үчүн ага шайлоочулардын 50 пайызынан кем эмес адам катышууга тийиш, андан тышкары, добушка коюлган суроолорго жалпы шайлоочулардын санынын кеминде 30 пайызы макул болуш керек.

Оппозициялык саясатчылар бийликтин өкмөт жана парламентке көбүрөөк берилишине каршы эмес, алар азыркы бийликтин коррупцияланганына жана анын жүргүзүп жаткан кадр саясатына нааразы. Орусия саясатчылары Маскөөдөгү бийликтин чечүүчү кызматтарын президент Владимир Путиндин мекени Санкт-Петербургдан же ал көп жыл иштеген коопсуздук кызматтарынан чыккандар ээлеп жатканына каршы чыккан сыяктуу, армениялык саясатчылар - бийликке карабактык адамдар келип жатканын жактырбайт.

Президент Кочарян 1954-жылы Тоолуу Карабакта туулган жана бул автономиялуу аймакта 1988-жылы боштондук кыймылы башталганда, анын жетекчилеринин бири болуп, кийин, 1992-жылы Тоолуу Карабактын өкмөтүн башкарууга келген. 1998-жылы Кочарян Армениянын президенти болуп шайланганда, айрым журналисттердин кабарлаганына караганда, ал дагы эле кошуна Азербайжандын жараны болчу, анткени Тоолуу Карабак расми түрдө эмгиче Азербайжандын курамына кирет.

Армения акыркы жылдарда европалык уюмдарга мүчө болуп, европалык турмушка кеңири катышуу аракеттерин көрүүдө, ошондуктан негизги европалык уюмдар Ереванга шарт коюп, өлкө конституциясын либералдаштырууну талап кылган. Кочарян ага макул болуп, конституцияга өзгөртүүлөр иштелип чыккан жана Венеция комиссиясы аларды үстүбүздөгү жылдын августунда жактырган.

Оппозиция болсо бул референдумга кандай маселелер коюлса дагы, конституция өзү канчалык жакшы болуп оңдолсо дагы, Кочарян жана анын өкмөтү баары бир мурдагы саясатын улантат деп, бийликке жалпысынан каршы болгондуктан референдумду бойкоттоого үндөп жатат.

Бирок Еревандагы көз карандысыз саясат таануучу Агас Енокяндын айтымында, өлкө калкы бийликти канчалык колдобосо, оппозициянын көз караштары дагы элдик кызыкчылыктардан ошончолук алыс:

- Армениядагы азыркы турмушта конституция боюнча иштелип чыккан мыйзамдардын мааниси өтө деле жогору эмес. Демократиялык ыкмалар менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө оппозиция баары бир ишенбейт. Алардын пикиринде, бийликти алмаштыруунун азыр бир гана жолу бар жана калк ошону талап кылып жатат. Ал жол - КМШ мамлекеттерине кирген айрым өлкөлөрдөгүдөй элдик ыңкылап уюштуруу.

Байкоочулардын пикиринде болсо, калктын кеңири катмарлары референдумга дагы, Армениядагы азыркы башка саясий окуяларга дагы өтө деле кызыгышпайт.

XS
SM
MD
LG