Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:58

АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕБИ?


Жыл башынан бери кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгына карата китептерин басып чыгаруу, үй-музейин ачуу, эстелигин тургузуу, жаш акындардын поэзия сынактарын өткөрүү сыяктуу демилгелер көтөрүлүп келатат. Жыл аяктап баратат, ошол иш чаралар ишке аштыбы? Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленеби?

Алыкул Осмоновдун кээ бир чыгармалары учурунда диний багытта деген шылтоо менен алынып салынып же кыскартылып басылган. Акындын “Жолборс терисин жамынган баатыр” котормосунун акыркы алтынчы жолу басылганына 20 жылдан ашык убакыт өттү. “Алыкул” коомдук уюмунун төрагасы Памирбек Казыбаев коомдун мүчөлөрү менен бирдикте Алыкулдун тандалмаларынын Академиялык томдугун, “Жолборс терисин жамынган баатыр” котормосун жана өзүнүн авторлугундагы Алыкулдун өмүр тагдырын изилдеген “Мезгил жана Алыкул” китептерин, Алыкулдун ырларынын котормолорун басууга даярдады.

Бирок Памирбек Казыбаев бул максаттар ишке ашпай келатканын айтты:

- Алыкулдун көптөн бери чыкпай жаткан академиялык басылмаларын, орусча, англисче котормолорун, атактуу котормосу “Жолборс терисин кийген баатырды” чыгаруу максат болгон. “Учкун” концернинен чыкмак. Бул иштер токтоп калды.

Белгилүү жазуучу Самсак Станалиев да Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленбей калабы деген тынчсыздануусун билдирди:

- Быйыл Алыкул Осмоновдун 90 жылдыгы... Белгиленбейт болуш керек... Белгиленсе да белгилүү эле бир чогулуш менен жыйынтыкталат болуш керек. Анкени кыргыз маданиятында ушундай адат болуп баратат – Касым Тыныстановдун 100 жылдыгы, Аалы Токомбаевдин 100 жылдыгы, дагы башкалардын юбилейлери жөн гана жыйын иретинде өтүп, анын адабий мурасын эл-журтка даңазалоо иштери таптакыр унут калган.

Алыкул Осмоновдун 90 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде салтанаттуу белгилөө күз айына белгиленип, бирок Кыргызстандагы тынч эмес кырдаалдан улам жылдырылып отуруп декабрь айында белгилөө күтүлүп атканын айтышты, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун катчысы Мелис Абакиров жана маданият министри Султан Раев.

Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу Маданият министрлиги менен бирдикте “Алыкулдун ак боз ат” республикалык фестивалын уюштурууда. Бул тууралу Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы Мелис Абакиров маалымдады:

- Жазуучулар союзу атайын “Алыкулдун ак боз ат” деген конкурсту 90 жылдыкка карата уюштуруп, жарыялап, ал боюнча атайын калыстар тобу түзүлүп, негизги үч сыйлыктан тышкары беш кызыктыруучу сыйлык каралган. 90 го жакын акын-жазуучулардын чыгармалары түштү. Декабрдын башында сынактын жыйынтыгын чыгарып, салтанаттуу аземин өткөрөбүз.

Көп жылдардан бери Алыкул Осмоновго Бишкекте, анан Ысыккөлдүн жээгинде эстелик орнотуу маселеси көтөрүлүп, бирок иш башталбай келатат. Маданият министри Султан Раев Алыкулдун эстелиги үчүн 2006-жылдын бюджетинен 1миллион сом бөлүнүп атканын кабарлады:

- Кыргызстанда Алыкул Осмоновдун толук келбетин берген эстелик жок. Ошону биз уюштуруу комитетинде сүйлөшүп, эмки жылы Алыкулга чоң эстелик тургузалы деп жатабыз. Ошогу байланыштуу 2006-жылдын бюджетинен 1 миллион сом каралып жатат.
XS
SM
MD
LG