Кыргызстанда 1994-жылы чыккан паспорттордун бланктары түгөнүп, ушундан улам жаңы жасалгадагы паспортторду чыгаруу чечими мурдагы өкмөт тарабынан кабыл алынган. Паспортторду жасоо боюнча тендер 2004-жылы Молдованын “Регистру” деп аталаган фирмасы утуп алган. Бирок кыргыз өкмөтү менен аталган компаниянын ортосунда пикир келишпестиктен калкты жаңы паспорттор менен камсыз кылуу аракети жүзөгө ашкан жок.
Паспорт менен элди камсыз кылуу чет жакка чыгууну каалагандарга, ишкерлерге жана студенттерге өз залакасын азыркыга чейин тийгизүүдө.
- Менин атым Мария, Кыргызстанда азыркыга чейин паспорт маселеси чечиле элек. Мен өзүм Таластанмын. Эми өз жериме баруу- мен үчүн чоң көйгөй. Анткени паспорту жокторду Казактсандын чек ара бекеттери өткөрбөйт. Таласка жетиш үчүн Төөашуудан такси жалдап барууга туура келди.
Ал эми Кыргызстан тараптан элди паспорт менен камсыз кылууга жооптуу болгон Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги азырынча так маалымат бере албастыгын айтты. Ал эми аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда жаңы үлгүдөгү паспортторду чыгарууга жана аны мыйзамдаштырууга даярдыктар гана көрүлүп жатат.
Ушул жылдын 26-сентябрында кыргыз паспортторун жасоо үчүн тендерди Түштүк Кореянын “Ventures CSC Plaza” деген компаниясы утуп алган. Эми чыга турган паспорттор келишимге ылайык, чет өлкөлүк паспорт 10 евро, ал эми өлкө ичиндеги паспорт 11евро 20 евроцент турат.
Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу паспорттор жарандарга бекер берилиши керек деген пикирде:
- Мен эски бийликтин жеткчилигине: Акаевге, Танаевге да өкмөттүн айынан чыкпай калган паспортторго жарандар төлөбөшү керек деп айткам. Мына эми жаңы бийликке да ошол сунушум менен кайрылдым. Бирок кечээ эле мага өкмөттөн кат келди. Алардын айтымында Түштүк Кореяда паспорттордун бланктары даярдалды, алар инвесторлордун акчасына жасалып жатыптыр. Бирок паспорттор бардыгына эмес, коомдун айрым катмарларына гана бекер берилиши мүмкүн.
Эгерде Түштүк Кореядан келе жаткан жабдуулар бажы салыгынан бошотулса, паспортко болгон баа төмөндөшү мүмкүн, дейт акыйкатчы:
- Маалымат технологиялар жана ресурстар департаментинин жетекчилиги мага кат жөнөттү. Алар Түштүк Кореядан келе жаткан жабдууларды жана паспортко керектелүүчү нерселер бажы төлөмүнөн бошотулса, анда паспорттордун баасын төмөндөтүп беребиз деп жатышат. Ошол катты мен Жогорку Кеңешке да жибердим.
Паспорт көйгөйүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигине караштуу виза жана паспортторду берүү башкармалыгынын инспектору Роза Чолушева буларды айтты:
- Паспортко муктаж болгондор өтө көп. 1-ноябрда Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Тажикстандын президенттери өлкө ичинде визасы жок эле жана убактылуу күбөлүк менен жүрүү туурасында келишимге кол койгон. Бирок казактар биздин жарандарды киргизбейт. Азыр чет өлкө баракчасы жок эле кирүүгө болот. Ал эми чек ара посттордо казак чек ара бекеттеринде Кыргызстандын атуулдарына чет өлкө баракчасы жок кирбейсиңер деп жатышат. Биздин жарандар ушунун кесепетинен жапа чегишүүдө.
Ушинтип, Кыргызстандагы паспорт көйгөйү качан чечилээри, паспорттун айынан жапа чеккен өлкө атуулдары качан паспорт алаары белгисиз бойдон кала берүүдө.