Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

ЕВРОБИРИМДИК РЕФОРМАЛАРГА ЖАРАША ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ


Европа Биримдиги түштүк тараптагы коңшуларынын демократиялык реформаларына жараша жардам көрсөтөт. Ошондой эле Евробиримдик эми мыйзамсыз миграцияга жана террорчулукка каршы ниетин чындап көрсөтө алган өлкөлөргө гана каражат бөлөт. Ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэль Баррозо Жер ортолук деңизди жээктеген өлкөлөрдүн дарегине жолдоду.

27-28-ноябрь күндөрү Барселонада Евробиримдикке мүчө 25 өлкөнүн лидерлери жана Жер ортолук деңиздин алабындагы 10 мамлекеттин жетекчилери салттуу “Евромед” саммитине чогулушат. Кызматташтык мындан 10 жыл илгери башталган, андыктан ушу тапта Евробиримдиктин жетекчилери артта калган жылдарда Жер ортолук деңиз чөлкөмүндөгү Мароккодон Сирияга чейин мамлекеттер менен мамилелер анчалык жемиштүү болбогонун моюнга алып отурат. Ошондуктан мындан ары Евробиримдик бул багыттагы саясатын кайра карап чыгып, түштүк тараптагы коңшулардын саясий жана экономикалык реформаларынын арышына жараша жардам көрсөтүүгө өтмөкчү.

Бул тууралуу бейшембиде Брюсселде өткөн маалымат жыйынында Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэль Баррозо маалымдады:

- Барселонадагы саммитте биз башкаруу системасын жакшыртып, демократия, адам укуктарын, айрыкча аялдардын укуктарын кеңейтүү аракеттерине жардам бере турганыбызды ачык айтмакчыбыз. Ушул багыттарда жигердүү реформаларды жүзөгө ашырган өлкөлөр Евробиримдиктен кошумча жардам ала алышат.

Брюсселдин өкүлдөрү Евробиримдик 2000-2006-жылдары Жер ортолук деңизди жээктеген өнөктөш өлкөлөргө алдын-ала каралган 8 млрд. евролук жардамдын көлөмүн кыйла жогорулатууга даяр экенин айтышууда.

Еврокомиссиянын президенти Баррозо айрыкча “Евромед” саммитинин айрым мүчөлөрүнөн – атап айтканда, Израил, Палестина жана башка араб өлкөлөрүнөн терроризмди айыптаган ачык билдирүүлөрдү күтөөрүн белгиледи:

- Мен араб өлкөлөрү ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ислам өлкөлөрү жана террорчулук деген эки башка түшүнүк экенин даана айгинелеши керек деп эсептейм. Бул жерде эч кандай байланыш жок экенин түшүнөм, ошентсе да калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон өлкөлөр террорчулукка каршы турганын даана көрсөтүп турушу абзел.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG